Бүгүн Жал айылынын гимназия мектебинде көп жылдар бою тарых мугалими жана мектеп директору болгон Р. Мамыралиевдин 90 жылдыгы белгиленди. Бул мектеп анын атын алып жүргөнүнө 13 жыл болду.
Кийин 2000-жылдан тартып Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия орто мектеби статусуна ээ болгон. Аталган маарекеге Мамыралиев менен чогуу иштеген мугалимдер, окуучулары, үй-бүлөөсү жана мектеп жамааты катышты.
Ал үчүн окуучулар атайын концерттик программа даярдашкан. Андан соң мектеп дериктору агай жөнүндө айтып өтүп? агай менен сыймыктанаарын айтты. Кийин чогуу иштешкендер, окуучулар чыгып сүйлөп Рүстөмбек Мамыралиев агайды эскерип өтүштү.
Айнагүл Алымкулова Кашка-Баш айылынын тургуну. Ал Мамыралиевдин улуу келини.
“Атабыз улуу инсан киши болгон. Ушул мектепти негиздеген, тарыхтан сабак берген, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде талыкпай эмгектенип, бүт окуучуларды тарбиялап, мугалимдерди да тарбиялаган киши болгон. Үй-бүлөөгө дагы боорукер камкор ата болгон. Биз атабыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Анын атагы, эмгеги Сокулук районуна эле эмес, бүт Чүй облусуна да билинген, кадыр барктуу киши болгон. Мына окуучуларынын баары мугалим болуп жолун жолдоп отурушат. Мен ыраазымын. Бүгүнкү жыйналышта абдан сонун кече болду. Окуучулар өнөрлөрүн көрсөттү биз сүйүнүп, кубанычта болуп жатабыз! ” – деди Алымкулова.
Рүстөмбек Мамыралиевди эскерүү кечеси жылда белгиленип келет. Көзү тирүү болгондо агай 90 жашка чыкмак. Рүстөмбек агайдын неберелери да ушул мектепте билим алышат. Чогуу иштеп тарбия алган кесиптештери аны сыймыктануу менен эскеришет.
Айтолкун Ниязалиевна Англис тил мугалими 1972-жылдан баштап эмгектенген.
“Агай айылдын уулу, ушул мектепти курган, мектеп директору болуп 26 жыл эмгектенген, атактуу, эл сүйгөн, эл ардактаган адам болгон. 1993-жылдан бери Рүстөмбек агайдын атын алып жүргөндөн бери райондо алдыңкы мектептердин астында, ушул жерден эң жогорку Советтин депутаты болгон балдарыбыз бар, көптөгөн жогорку билимдүү окуучулар көп”, –деди Ниязалиева.
Керимкулова Канышай Мамыралиев мектебинде 28 жыл мектеп директору.
“Агайды биз жыл сайын эскерип келе жатабыз. Агай биз үчүн эң сыймыктуу, эң көрүнүктүү, үлгүлүү агай. Рүстөмбек агайдын өтө эмгекчилдиги бизге тарбия жана үлгү болчу. Агайдын эрте өтүп кеткени өкүнүчтүү”, — деди ал.
Рүстөмбек Мамыралиев Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында 1926-жылы туулган. Жал айылдык мектебинде 8 жылдык орто мектепте окуган. Кийин окуу жайда окуп келип, Жал айылынын мектебинде 26 жыл мектеп директору болуп иштеген. Бул жылдары көптөгөн ардак громаталарга ээ болгон.
1986-жылы ардактуу пенсияга чыккан. Анын атынан эстелик чыккан. Кийинки жылы 61 жаш курагында катуу оорудан улам көз жумган.
Даярдагандар: Эрмек Аслан кызы, Базаркулов Марлен, Дастан Джаркымбаев.
Сынак үчүн