31-январда Кара-Суу Айылдык Кеңешинин Кара-Суу айылынын депутаттары, Кара-Суу Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Кара-Суу айылынын тургундары менен жолугуу өткөрүштү. Бул жолугушууда айылдын депутаттары Кара-Суу Айылдык Кеңешинин 2018-жылдагы иши тууралуу тургундарга айтып беришти.
Кара-Суу айылында ар кандай кесипке ээ болушкан, өнөрлүү жаштар көбөйө баштады, жаш келиндер, кыздар ар түрлүү кесиптерге ээ болуп, өз өнөрлөрүн эл үчүн тартуулай башташты. Алсак, алардын бири — айыл …
Кышында айылда жашаган тургундар эмне менен алек болушат? Негизинен мекенибиздин көпчүлүк айылдарында ишканалар жокко эсе, ошондуктан айылда жашагандар илгеркидей эле мал чарбасы менен алек болушуп, күн өткөрүшөт.
Мектептерди китеп менен камсыз кылуу азыркы учурда билим берүү системасында чоң көйгөйлөрдүн бири. Бирок ага карабастан бул көйгөй акырындап чечилип келе жатат.
Ботокөз бала бакчасы 2014-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жатат. Бала бакча Кара-Суу айылынын мектебинин бир тарабынан ачылган. Бакчанын штатында алты кызматкер бар.
Нурадил Азаркулов — Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык боюнча мугалими
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мугалимдик кызматта негизинен аялдар эмгектенишет. Мисалы: Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 13 мугалимдин экөө гана эркек. Ал эки мугалимдин бири Нурадил Азаркулов.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын борбордук, Мураке көчөсү жарыктандырылды. Jaryktandyruu
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагынын Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.
2018-жыл аяктап, жаңы 2019-Доңуз жылы келе жатат. Республикабыздын бардык аймактарынын мекемелеринде жыйынтык иш чаралары өткөрүлүп, Балаты майрамдары болуп жаткан убак. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде да окуучулар үчүн Балаты майрамы …
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бала бакчасында Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамды бакчанын тарбиялануучулары үчүн ата-энелер жана мекеменин кызматкерлери уюштурушту.
Бүгүн, 12-декабрь, бул күнү кыргыздын чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. 2018-жылы мекенибизде жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде улуу жазуучуга арналган иш-чаралар болуп өттү.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынды ондогон жылдары иштебей турган кинозал айылдын жаштары жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн катышуусу менен ремонттолуп, айылдын жаштары спорт менен машыга башташты.
28-ноябрда Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ботокөз булак” бакчасында “Чынгыз Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу семинарга райондун Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Насипа Дженбаева жана Жайыл районунун …
Кыргызстандын ар бир аймагында, ар бир мекемесинде, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган, ар кандай иш чаралар өткөрүлүп жаткан убак. 1-ноябрда Кара-Суу орто мектебинде да жазуучунун мааракесине арналган иш …
Бишкекте, 27-28-октябрда, “Альпинист” мейманканасында “Жамааттык ЖМКларда кадрдык потенциалын жогорулатуу” аттуу семинары болуп өттү. Семинарды DW(Дойче Веле) Akademie жана Кыргызстандын Жамааттык медиакаражаттарынын Ассоциациясы өткөрдү. Семинарды тренерлер Дарика Аманбаева жана Аида Курбанова …
Чүй облусунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылында кызылчанын түшүмү жыйналып жаткан учур. 16-октябрда жааган кар жана эртеси күнкү жүргөн үшүк дыйкандарга чоң залакасын тийгизди.
Жайыл районунун Кара- Суу айылынын дыйкандары акыркы түшүмдөрүн жыйнап жаткан чак. Азыр жүгөрү жана кызылчаны жыйнап алып жаткан маал. Аба ырайы дагы түшүмдү жыйнап алууну бир аз токтотту.
15-октябрда «Ак кептер» жамааттык медиаборборуна Азербайжандан делегация келди.