23- сентябрда Кыргыз Республикасында тил майрамы белгиленди. Быйыл тил күнүнүн 30 жылдыгы майрамдалды.
КР ЖК депутаты Субанбеков Бакирдин Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундарына «жолуңардын калган жерин асфальттатып берем» деди эле. 04.09.2019-жылы ДЭП-40 тын жумушчулары келип, калган 160 метр жолду асфальттап кетишти.Айылда 1160 метр …
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын жаштарына Айыл өкмөт тарабынан 5га жер бөлүнүп берилген. Мына ушул жерди жаштар иштетишип, айылдын керегине жаратып жатышат. Быйыл беденин уругунан да жакшы түшүм алышты. Jashtar. Bede …
Жаңы окуу жылынын башталышына бир жума калды. Мекенибиздин мектептеринде окуучулар мектепке даярданышып, китеп ала башташты. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин окуучулары да китеп ала башташты. Китепканачы Абдрасулова Айнизанын айтуусу …
“Биздин айыл”аттуу долбоорунун алкагында ЭлТР каналы айыл аймакка келип, айыл элинин жашоо шартын, маданиятын, каада-салтын, айыл өкмөтүндө кандай иш- чаралар аткарылгандыгын 2 күндүк иш сапарда чагылдырып кетти.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын 1 чакырым жолу асфальттанганы жатат. Даярдаган: Чакчагаев Султаналы
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо аяктап калды. Кара-Суу айылынын тургундары акыркы арпа жана буудай аянттарын чаптырышууда.
Даярдаган: Данияр кызы Назик, Данияр кызы Элиза
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин окуучуларына аттестаттар жана сертификаттар тапшырылды. Быйыл мектепти 8 окуучу аякташты-5 кыз жана 3 бала.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы ФАП имаратынын ачылышы болду.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундары бүгүн Айт намазга катышышты. Айылдын ортосунда жайгашкан мечитке Орозо айынын аякташы менен Айт намазы окулду. Айт-намазды айылдын имамы Алиев Жолдош окуду. Мечитке чогулушкан тургундарга Мухаммед …
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды. Бүгүн Жайыл районунун Кара-Суу айылында дагы 11-жана 9-класстарда математика жана кыргыз тили сабактарынан мамлекеттик аттестация болуп өттү.
Окуу жылы аяктап, Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери класстарын акташып, сырдашып, келерки окуу жылына даярдап жатышат. «Бүгүн мектепте акыркы көчүрүү экзамени жүрүп жатат, ал эми …