Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургундары бүгүн Айт намазга катышышты. Айылдын ортосунда жайгашкан мечитке Орозо айынын аякташы менен Айт намазы окулду.
Айт-намазды айылдын имамы Алиев Жолдош окуду.
Мечитке чогулушкан тургундарга Мухаммед пайгамбардын хадистери айтылып, Айт-намазы окулду.
Мечитке чогулушкан тургундар «айылдын көйгөйлөрүн чогуу, ынтымак менен чечип туралы» дешип, мечиттен тарашты.
Андан соң согушка катышкан ардагерлердин эстелигине барып, куран окушту.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы