Мектептерди китеп менен камсыз кылуу азыркы учурда билим берүү системасында чоң көйгөйлөрдүн бири. Бирок ага карабастан бул көйгөй акырындап чечилип келе жатат.
«Быйыл Кара-Суу орто мектебинде бир топ окуу китептери жаңыланды. Мектептин китепканасына орус тили боюнча 5-6-класстарга жаңы чыгарылган китептер келди. Тарых боюнча китептер келип, китепканабыздын фонду бир топ толукталды, бирок дагы эле кээ бир китептер жетишпейт», — мектептин директору Насыранбекова Маруфат. 
«Мен, Абдрасулова Айниза, Кара-Суу орто мектебинин китепканасында 4 жылдан бери иштеп келе жатам. Китептердин азыркы убукта абалдары жакшы. 2018-2019 окуу жылына карата 5-6-класстын китептери жаңы келди. Быйыл ар бир китепке арендалык акы 25 сомдон төлөнүп жатат. 2017-2018-жылына карата башталгыч класстарга көп китептер келди. Класстарда англис тили, орус тили китептери толуктанды, андан тышкары тарых китептери келди. 2019-2020-жылга 7-8-класстарга жаңы китептерге буйрутма берилген.
Мектептин фондунда 1755 окуу китептери бар. 1-4-класска 326 китеп, 5-9-класска 450 китеп, 11-класска 89 китеп берилген», -деди мектептин китепканачысы. Ал эми мугалимдердин айтуусу боюнча 9-класска орус адабияты китеби, англис тили китептери жана башталгыч класстарга математика китептери жетишпейт.
Даярдаган: Бексултанова Айгерим, Рысбеков Амангелди