Бүгүн 30-декабрда Сүлүктүдөгү эң алдыңкы шахталардын бири болгон «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун №1-күбөлүгү тастыктаган «Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медалы менен сыйланды.
Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.
1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында …