Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.
«Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»,- дейт гимназиянын китепканачысы Гүлсүнай Каракулова.
«Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык»,- дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова.
«Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»,- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.
«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам, кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп элиме көп кызмат кылып беремин»,- дейт Исманали Карабаев.
Даярдаган: Барчинай Алимова