Бүгүн 30-декабрда Сүлүктүдөгү эң алдыңкы шахталардын бири болгон «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун №1-күбөлүгү тастыктаган «Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медалы менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун Сүлүктү шаардык башкармалыгынын начальниги Айтали Таштанкулов:
«Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медаль менен болгондо да №1-болуп Сүлүктүлүк жетекчинин сыйлангандыгы биз үчүн чоң сыймык. Анткени, жер астындагы көмүрдү өндүрүп, жүздөгөн шахтерлорду дээрлик 15 жыл ашуун мезгилде жумуш менен, көмүр менен камсыз кылуу өзү чоң эрдик экендиги белгилүү. Өндүрүш ишканаларынын ичинен кирешеси эң аз болгон көмүр тармагында иштеп туруп социалдык фондго болгон төлөмдөрдү пландан ашык аткарып келүү менен Исманали Карабаев бардык өнөр жайларына үлгү болду десем жаңылбаймын. Медаль менен сыйлоо боюнча Социалдык Фонддун буйругу мурдараак чыккан болсо да, бүгүн Кызыл-Булак шахтасынын Балаты-2020 майрамында тапшырып, сыйлап жатабыз»,- деп маалымат берди.
«Пенсиягы чыгып, ардактуу эс алууда болсом да, мен үчүн Кызыл-Булак ЖЧКнун жаңы жылдык аземине чакыруу алганым өзгөчө кубанычтуу болду. Анткени бул ишканада 9 жыл 7 ай иштеп, 53 жашымда пенсияга чыгып, учурда үй-бүлөм менен Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жашап жатамын. Бул ишканада иштеп пенсияга чыккандарды өтө жакшы сыйлайт. Мындан 10 жыл мурда Лейлектен көп кишилер Сүлүктү көмүр кендерине иш издеп келип, шахтер болуп иштегенбиз. Биз жумушка кирген күнү эле, Исманали Джумабаевич кыстап жүрүп, бардык документтерди толук жасаткан эле, ошондо кийин мага ыракмат айтасыңар деп көсөм жетекчи катары алдын ала айткан экен. Көрсө менен менен чогуу келип, башка шахталарга ишке кирген жердештерим пенсияга чыга албай жүрөт. Биз болсо пенсиябыздан тыш үйүбүзгө бир кыштык көмүрүбүздү да жеткирип берип жатат. Жалпы пенсионер шахтерлордун атынан Исманали Карабаевдин өмүрү узун, ден-соолугу чың болсун деп жараткандан суранабыз»,- дейт Ахун Нуров.
«Мен ушул шахтада 15 жыл иштеп пенсияга чыктым. Ардактуу эс алууда эс алып жатамын. Кудайга шүгүр эмгек жамаатым ар бир майрамда чакырып, сыйлап төргө өткөрөт. Бүгүн да неберелериме жаңы жылга белектерди берди. Жаш шахтерлорго айтарым, дарак бир жерде көгөрөт дейт, погрузкасына кызыкпай, айлык көп берген шахтада иштегиле 10 жыл 15 жыл тез эле өтүп кетет, кийин жаш улгайып, күч кубаттан тайганда пенсия да керек болот экен»,- дейт участка начальниги болуп ардактуу эс алууга чыккан Миңбай Абдумомунов.
«Кенчилерди иштеп жатканда кандай жакшы шарт түзүп берип карасам, пенсияга чыккандан кийин да ошентип караймын деген ой бар. Муну мен жаңы шахта ачканымда эле айткам. Учурда пенсияга чыккандан кийин да иштеген шахтёрлорубуз бар. Аларга жакшы шарт түзүү менен, тажрыйбасын жаш шахтерлорго үйрөтсүн деген максат бар. Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын»,-дейт Исманали Карабаев.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов