Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында «Нур FM» Жамааттык мультмедиа борборунун кабарчылары лотерея ойнотушту. Лотереяга айыл тургундары кызыгуу менен катышышты.
«Hур FM» ЖМБ жетекчиси Гүлназ Жумагулованын айтуусунда лотереясы абдан жакты жана даярдыктарын ушундай уюшкандыкта алып баргандыгына чоң ыраазычылык билдирди.
«Борбордун жаңы кошулган кабарчылары жана мурда иштеп жүргөн кабарчылардын эмгектерин эске алып, аларга диплом грамоталары менен бирге демөөрчү болуп жүргөн Мадемилова Дамира эжеге дагы ыраазычылык кат бердик. Биздин 30- декабрда болуп өткөн чакан концерттик программа жана лотерея сатылган 20 лотерея байгеге ээ болушту, абдан кызыктуу өттү. Мындай лотерея жылда болуп турсун жана биздин айыл аймакта жашап жаткан тургундар келип ушундай биздин чакан кыздарыбыз даярдап турган жылда өтүүчү лотереяга катышып, колдоп биздин кетүүсүн өтүнөт элем. Кыздардын келечектери кең болсун өмүрлөрү узун болсун келе жаткан жаңы жылы жалан ийгиликтер коштоп турсун демекчимин»,- деп айтып өттү жетекчи.
Лотереянын оюнчусу Фериде Тапчылованын айтуусунда:
«Бүгүн Нур FM концерттик программада лотерея ойнотушту. Лотерея жакшы деңгээлде өттү. Мен эки билет алгам анын бирөөсү чыгып торт алдым. Нур FMдин кабарчыларына чоң рахмат. Дагы да ушундай нерселерди өткөрүп турушун каалайм»,- деп айтып өттү Фериде Тапчылова.
Нур FMдин кабарчысы уюштуруучу Нуржанат Советбек кызынын билдирүүсүндө:
«Бул «Нур FM-лото» оюну быйыл үчүнчү ирээт өткөзүлүп жатат. Анда, кызыктыруучу жаңы жылдык белектерди коюп, айыл тургундарына жаны-жылдык маанай тартуулайбыз. Быйылкы жылдагы лотереяда көбүн эсе белекке ээ болушту, андан сырткары жамаат тарабынан дайындалган концертке күбө болушту»,- деп билдирди.
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова