Чуй облусунуна караштуу Сокулук районундагы Кызыл — Туу айыл аймагынын Новое айылында Геофизик дачасынын жолдору оңдоп түзөөдөн өттү.
Аны жергиликтүү тургундар өздөрү топтогон каражатка жасашты. Айыл тургундарынын айтымында, ички жолдорду оңдоп түзөө иштерине жалпысынан 33 миң сомго жакын каражат сарпталган. Буга чейин башка айылдардын тургундары да мамлекеттик бюджетке карабастан өз чөнтөктөрүнөн каражат бөлүшүп жол оңдогон, суу чыгарган мисалдар толтура.
«Биздин чоң жолубуз адам ыйлаган абалда эле, дача тургундары демилге көтөрүп, ашар жолу менен акча чогултуп, оңдоо түзөө иштерин жасап алдык. Акча каражатыбыз асфальттаганга жеткен жок, ал эми шагыл төшөлгөн жолдо 312 — маршрутубуз кыйналбай каттап калды», — деп билдирди Бакырдинов Рамиз.
Бул аймакта төрт дача жайгашкан.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова