3 — июнда Нарында катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Жашоого мүмкүн болбой калган үйлөр такталып чыгымдар эсептелүүдө.
Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.
3- июнда саат 16:30 да жааган жамгырдан улам Нарын шаарын кыян- сел каптады. Катуу жааган жаан кыянга айланып, канал, тосмолорду алып, шаарды каптап кетти.
Куланакта тынбай жааган жаандын кесепетинен кыян каптагандагын кабарлаганбыз. Учурда кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолуп жатат. Иш жүрүп жаткан жерден маектештик.
Куланак айылындагы Он сарай жана Төрт сарай аймагында 11-май күнү эртең мененки саат 7де кыян каптоо болду. Кыян жогоруда аталган аймакта жашаган тургундардын короосунан үйүнө чейин каптап кирген.
Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык жактан гана чыгымдарды алып келбестен, кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.