Куланакта тынбай жааган жаандын кесепетинен кыян каптагандагын кабарлаганбыз. Учурда кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолуп жатат. Иш жүрүп жаткан жерден маектештик.
Жол-эксплуатация башкармасы (ДЭУ) 8дин директору Кубанычбек Токобаев суроолорубузга жооп бергенден баш тарткандыктан ДЕУ8 айдоочусу Орозакун Эгенбердиев менен маектештик.
Бул жерге шагыл тушуруунун максаты эмнеде?
— Кечээтен бээри жаандын жаашы менен Куланак айылынын суусу өтчү көпүрөсүн жеп аткандыгына байланыштуу, биз кечээ түнкү (12.05.2016) саат 10дон баштап эртең мененки саат 8ге чейин Үч терек көпүрөсүндө иштедик. Эми Ичкенин көпүрөсүндө ишти улантып жатабыз.
Бул шагыл ким тарабынын түшүрүлүп жатат?
— Бул шагыл ДЭУ8 тарабынан түшүрүлүп жатат. Алардын техникасы менен иш жүрүп жатат. Табигаттын кырсыктары болбой эле койсун. Болуп кетсе күн түн иштейбиз бул биздин милдетибиз.
Дагы мындай окуя кайсы жерде катталды ?
— Куланак айылында эки жерде катталды, Үч теректе жана Ичкеде.
Автор: Бекназар Дөлөтбек уулу.
Редактор: Айзат Түмөнбаева, Самара Рыскелдиева.
Сынак үчүн