Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 14-май күнү бокс ийрими ачылды. Ийримдин машыктыруучусу Жумабек Батыров.
Азыркы убакта бокс менен 25 бала машыгып жатканын машыктыруучу Жумабек Батыров билдирди.
“Биздин биринчи максатыбыз жаш өспүрүмдөрдү спортко чакыруу. Ийримге 25 бала катышат. Катышуу акысыз”, — деп айтат Батыров.
Бул жердеги балдардын максаты — бирөөнү уруу эмес, өзүн-өзү коргоо экенин айтат машыктыруучу.
Эсенбек 7-класстын окуучусу. Кичинесинен бокска кызыкканын айтат.
«Бизге тез-тез бокс боюнча машыктыруучулар келип, уруу ыкмаларын үйрөтүп турат», — дейт спорт менен алектенген Эсенбек Малабай уулу.
Бокс ийриминин дагы бир катышуучусу Анвар Ашимов буга чейин өз алдынча үйүндө машыгып келгенин айтат.
“Азыр мектебибизде бокс ийрими ачылганы өтө жакшы болду», — деп айтат Анвар.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн