Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаңыланды.
Мектептин директору Чубак Жакыпов долбоор менен эле эмес, айыл тургундарынын да салымы болгонун билдирди.
«Мен башчы болуп келгенде мектептин чатырынан тамчы тамып турчу. Учурда мектептин абалы жакшы. Биз чатырды оңдош үчүн долбоор жазып, утуп ошентип оңдодук. Бизге айыл тургундары 200 сомдон 500 сомго чейин беришкен. Айрымдары колунан келген жардамды көрсөтүштү», — деди Жакыпов.
Мектептин кыргыз адабиятынан берген мугалими Нуржан Токсобакова өз сөзүндө азыр мектептин шарттары жакшырганын айтты.
«Мектептин чатырын оңдоо үчүн элден акча алгандыгын билбейм. Негизи элден акча алганы туура эле деп ойлойм. Мурун терезебиз жыгач, чатырыбыз эски болчу азыр жакшы», — деди Токсобакова.
Сары-Ой айылында мектеп менен кошо клубдун да чатыры жаңыланган. Айрым айыл тургундары элден акча чогултулганы туура эмес болуп калганын айтышты.
Автору: Касымбеков Тилеш, Таалайбекова Таңчолпон.
Редактор: Бегимай Бекмурат кызы.
Сынак үчүн.
Бул маалыматты көчүрүп жазууга тыю салынат!