Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык жактан гана чыгымдарды алып келбестен, кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.
Куланак айылынын тургундары жаандын жаашын кубануу менен же өкүнүү менен тосуп алышы керекпи — эки анжы. Анткени жаан бир чети өсүмдүктөрдүн өсүшүнө пайда келтирсе, дагы бир чети кыяндын жүрүшүнө себепчи болот.
Кыяндан жабыр тарткан айыл тургуну Нурбек Абдыгазиев мындай деди:
«Мен ушул айылда Касымаалы ажы көчөсүндөгү турам. Кыян илгертен бери эле каптайт, ойдуң жер. Атам салган үйдү каптап, полдор чирип, жарака кеткен. Жарабай калганынан кайра жаңы там салдым. Күн катуу жааганда арыктарды түздөп, кырдап кечке эшикте жүрөбүз. Көпүрөлөрдүн асты толуп калат. Эки-үч саат эшиктен жүрөбүз. Түндө келет, күнү келет. Эптеп кетиребиз»,-деп баяндап берди өз абалын Абдыгазиев.
Ошондой эле Абдыгазиев айыл өкмөтү жана Өзгөчө кырдаалдар министирлиги (ӨКМ) тарабынан дээрлик жардам көрүлбөгөнүн кошумчалады.
Ал эми Куланак айылынын ӨКМ кызматкери Эмил Орокчуев тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын, бирок бул иштердин көлөмүнүн аздыгы каражаттын жеишпестигине байланыштуу экендигин билдирет.
«Быйыл болгону 70 миң сомдун тегерегиндеги акча каражаты бөлүндү. Айылдын чыгыш тарабындагы канал гана бүтүрүлдү. Айыл тургундары Нарындын губернаторуна ушул аймакка көпүрө куруп берүүсү жөнүндө кайрылуусу ишке ашып, жолчулар менен кеңешип, быйыл болбосо да эмдиги жылы курулганы жатат», — дейт ӨКМнин кызматкери Эмил Орокчуев.
Куланакта бат-баттан болуп турган кыяндар айыл тургундарына экономикалы жактан чыгымдарды гана алып келбестен, кошуналар ортосундагы мамилелерди да бузганга себепкер болууда.
«Кыян болгондо тургундар өз короо жайын коргоо үчүн сууну кошунанын арыгына бурууга барышат. Анан ошонун айынан урушканга туура келет»,-дейт айыл тургуну Доктурбек Самудунов.
ӨКМден же айыл өкмөтүнөн жеткиликтүү жардам болбогондон кийин айылдыктар өздөрү биригип, аракет кылып көрүшсө, кыян келчү каналдарды тазалап турушса, кыяндын зыянынан жана кошуналар ортосундагы пикир келишпестиктерден арылышат беле.
Авторлор: Жазгүл Кадыралиева, Айжамал Жеңишбекова, Земфира Бусурманкулова, Айзат Түмөнбаева