Куланакта күндүн ысышы жана кургакчылык көптөгөн ооруларга көйгөй жаратат. Ал оорулардын бири кан басым оорусу, деп билдирди Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиева.
Айыл тургуну Кызылкүл Жолбунова күн ысыганда кан басымынын жогорулаарын айтат.
«Мен алты жылдан бери кан басым оорусу менен алышып келем. Менин кан басымымдын жогорулашы же төмөндөшү аба ырайынан көз каранды, күн ысып кеткенде кан басымым көтөрүлүп же түшүп кетиши мүмкүн. Аба ырайы өзгөргөндө бат-бат кан басымымды текшерип, дары ичип турам»,-дейт Жолбунова.
Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиеванын айтуусунда, Куланак айылынын тургундарынын дээрлик 40 пайызы кан басым оорусу менен катталган.
«Кан басым оорусу кургакчылыктан өтө деле көз каранды эмес. Бирок ал башка ооруларды козгогон оорулардын катарына киргендиктен кургакчылыктан көз каранды деп айтууга да болот. Себеби кургакчылык адамдын ден соолугуна таасир этип, кан басымдын жогорулашына алып келет»,-деп түшүндүрдү Көчиева.
Бирок ар бир айыл тургундун өз убагында дарыгерге кайрылып турууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Айылдык ден соолук комитети иш алып барып, айыл тургундарынын ден соолугуна кам көрүүдө.
Бул комитеттин мүчөсү Рита Абдрасулова ар ай сайын айыл тургундарын текшерип, кан басымы жогорулаган же төмөндөгөн адамдарга дары берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн айтып өттү.
Бирок дарыгерлер биринчи кезекте ар-бир адам өзү ден-соолугуна туура кам көрүп турушу керектигин билдиришет.
«Бул ооруну алдын алуу үчүн стресс болбой, туура тамактанып, дене тарбиясы менен машыгып, чылым чекпеши, ичимдик ичпеши керек. 40-50 жаштан кийин адамдар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна келип текшерлип турушу зарыл. Кээ бир тукумунда кан басым оорусу барлар алдын-ала врачтарга текшерилип, даары ичип туруусу керек»,-деп кошумчалады Куланак айылдык стационалдык бөлүм башчысы Көчиева.
Авторлор: Зулайка Мирлан кызы, Ырыскүл Акматбек кызы