Жардам алуучу тизмеге тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул жардам «Элим-Жерим коомдук фонду» тарабынан көрсөтүлдү. Буга Аралбаев орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошева кайрылган.
«Элим-Жерим коомдук фондунун» төрагасы Темирлан Чүкүшов Куланактагы жардамга муктаж тургундар тууралуу кандайча маалымат алганын төмөнкүчө баяндады.
«Аралбаев атындагы орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошова биздин фондко кайрылган. Ал кайрылууда 54 жардамга муктаж үй-бүлөлөрдун балдары бар экендигин, аларга материалдык жардам керек экендигин белгилеген. «Элим-Жерим фонду» демөөрчүлүк кыла турчу уюмдарга кайрылдык. Акыры биздин кайрылуубузду «Каунтерпарк» гуманитардык жардам көрсөтүүчү өкмөттүк эмес уюму кабыл алды. Ушул уюм аркылуу кийимдерди Балыкчыдан алып келдик»,-деп билдирди Темирлан Чүкүшов.
Бул жардамды таратуу үчүн атайы комиссия түзүлгөн. Анын курамында мектептин соцпедагогу Нурипа Дондошова, депутат Темирлан Чүкүшев, Учкун айыл өкмөтүнүн соцадиси Акин Бейшеналиева, башкы адис Ишенбек Асанбаев жана ата-энелер комитетинен Нурзат Жеңишбек кызы кошулган.
Кийимдер мектепке, бала бакчага таратылган соң, окуучулардын жардамы менен үйлөрдөгү наристелерге кыдыртылып берилген.
«Таратылган кийимдерди баламды ээрчитип барып, көрсөтүп, ылайыктап, өзүнө тандатып алдым. Ушул жардамды көрсөтүп жаткан уюмдарга чоң рахмат»,-дейт Жээнбүбү Жумабаева.
Автор: Дания Талгатбекова