Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: пандемия

Талас: Ак халатчандарга камкордук

Өлкөдө коронавирус инфекциясынын алдын алуу, ооруну токтотуу боюнча канчалык аракеттер жасалганы менен COVID-19 илдети күч алууда. Коронавирус жуккан жаңы учурлар күн санап катталып, пневмония дартына чалдыккандардын саны өсүп жаткан учур.

Элеттик айымдар ООНдун азык-түлүк программасы тарабынан колдоо алышты

Ноокат районунун Абшыр-Ата айылынын айымдары «Абшыр-Ата айымдары» ассоциациясын түзүп, жумуш менен камсыз болушту. Бул иш- чара ООНдун азык-түлүк программасы, ООН-аялдар, ФАО, ИФАД  уюмдары тарабынан каржыланды.

Тест: Коронавирус тууралуу миф жана чындыкты билип алыңыз

Коронавирус пандемиясы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сегиз ай мурун жарыяланган. Бул убакыт аралыгында, өлүмгө алып келген инфекция жөнүндө көптөгөн маалыматтар тарады анын ичинде жалган маалыматтар да бар.

Барскоондо Covid-19 экинчи толкуну оор абалда ѳтүүдѳ

2020-жылдын 27-ноябрына карата республика боюнча Covid-19 илдетинин -377 жуктуруп алган учуру катталгандыгын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги билдирди. Алардын ичинен ичинен беш адам каза тапкан да айтылууда.

Акталаада мугалимдер онлайн курстардан өтүп жатышат

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери Кыргыз билим берүү академиясынын 72 сааттык онлайн курстарынан өтүп, өтүп, сертификат алышты. Курстан өткөн 54 мугалимдин алды 35-40 жылдык тажрыйбасы бар, ал …

Чолпон айылында эпидемиологиялык абал туруктуу

Учурда Кочкор районунун Чолпон айылында пандемияга кабылган жарандар жок. Азыркы мезгилде аты аталган аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу.

Пандемияда зордук — зомбулукка кабылгандар кантип коргоно алат?

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүк 16 күнгө созулат. Пандемия кесепетинен, Кыргызстанда бул жылы бир жыл мурункуга салыштырмалуу зордук зомбулук 65%га көп катталды. Зордук — …

Ак-Талаа району боюнча эпидемиологиялык кырдаал кандай?

Ак-Талаа районунда КОВИД-19 илдети алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын 14-майында катталып, аймактык ооруканага келип түшкөн. Андан бери жети ай убакыт өттү.

Окуучулар оффлайн окууга келгендигине кубанууда

Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, …

Муктаж үй- бүлөлөргө көмүр жана кийим-кече таратылды

Пандемия учурунда муктаж үй- бүлөлөргө көмүр, кийим-кече бекер таратылды. Бул демилге Суусамыр айыл аймагында туулуп -өскөн Сыргак Келдибеков жана “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинген.

Элдин үнү: Пандемия учурунда элеттеги кары картаңдардын абалы кандай?

Ковид-19 илдети бүтүндөй адамзаттын жашоосуна коркунуч келтирди. Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы кандай болду? Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургундарынын ой-пикирин билип көрдүк:

Карасаев айыл өкмөтүнүн карантинде жасаган иштери

Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө Тасма, Тогузбай, Токтоян айылдары кирет. Үч айылда коронавируска каршы күрөшүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аракети жүрүүдө. Ооругандар болуп калса, үйлөрүндө дарыланып, медайымдар жана айыл башчылар менен …

Тасма айылы: Салттуу билим алууда санитардык эрежелер сакталып жатабы?

Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окушуп, 1-класстар салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Түп районунун Тасма айылында 5-9-11- класстар окуп башташты. Мектеп  ичинде санитардык эрежелердин сакталуусу көзөмөлдө болуп жатат.

Ош шаарында журналисттер окутуудан өтүштү

Ош шаарындагы «Экодом» мейманканасында 2020- жылдын 20-ноябрында «Ачык коом- ачык медиа» уюму тарабынан аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү (ММК), кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрү, аймактык телевидениялардын кабарчылары жана жарандык активисттер катышышты. …

Пандемия шарттарында мектепте бир күн видеоролиги даярдалды

Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин тарбия завучу Аида Сатыбалдиева тарабынан реалдуу окуу режиминин башталышын, Министрлик тарабынан коюлган шарттардын сакталышы боюнча, окуучулар менен биргеликте видео даярдалды.

COVID-19: Ооган-Талаа айылында абал кандай?

Азыркы учурда Ооган-Талаа айылында абал туруктуу. Бирок октябрь айында илдет кескин түрдө көбөюп, кыйынчылык болду. Бейтаптар үйдөн дарыланып жатышты. 

Карточка: Пандемия кесепетинен келип чыккан кризистин таасири

Пандемия адамдардын мүнөзүнө, эмоционалдык интеллектисине, жашоо образына жараша ар бир адамга ар кандай таасир этти. Пандемия кесепетинен келип чыккан кризистин таасири кандай? Ага кантип туруштук берүү керек? Кандай жөндөмдөр керек?

Кыйын кырдаалда кышка отун даярдоо оор болууда

Түп районундагы Карасаев айыл өкмөтү да катаал шартка кирип, кышкысын өтө эле суук аймактардын бири. Пандемия учурунда кышкыга даярданууда кыйынчылыктар көп болуп жатат. Отун, суу маселеси айыл тургундарына оорчулук жаратууда.

Тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин сактаңыздар…

Бүгүнкү күндѳ жер-жерлерде Covid-19 илдети күч алып жатат. Анын негизги себептеринин бири, гигиеналык эрежелерди толук сатабагандык. Ар бир адам ѳз ден-соолугуна кам кѳрүү үчүн бардык шарттагы эрежелерди сактоого тийиш. Дениңер …

Тесттен өтүңүз: Коронавирустан улам келип чыккан кризиске канчалык туруштук берүүдөсүз?

Коронавирус илдетинин кесепети адамдардын ден соолугу, өмүрү жана экономикалык абалына бир топ таасирин тийгизди. Билим берүү тармагында, жумушта да өзгөрүүлөр пайда болду. Пандемиядан улам пайда болгон кризиске канчалык көнүп, туруштук …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...