Ноокат районунун Абшыр-Ата айылынын айымдары «Абшыр-Ата айымдары» ассоциациясын түзүп, жумуш менен камсыз болушту. Бул иш- чара ООНдун азык-түлүк программасы, ООН-аялдар, ФАО, ИФАД уюмдары тарабынан каржыланды.
«Инсан Лейлек» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, пандемия учурунда элеттик айымдар 3 жолу окуулардан өтүштү. Жыйынтыгында 25 аял азык түлүктөр менен каржыланышты.
Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн «Абшыр-Ата айымдары» ассоциациясынын жетекчиси Санавар Каратаеванын билдирүүсүндө:
«Бул ассоциация жалпы элеттик айымдардан түзүлгөн. Башкы максаты элеттик айымдардын экономикалык деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет. Алгач беш өз ара жардамдашуу топтору түзүлгөн. Жалпы 38 аял бар. Ошол топторду 2014-жылы ассоциация кылып түзгөнбүз. Биз бир нече уюмдар менен иш алып барабыз. Бүгүнкү берилип жаткан азык-түлүктөрдү пандемия учурундагы июль айынан бери Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынан ВПООН дон аялдардын ден- соолугуна кам көрүү , таажы вирусунан коргонуу жана алдын алуу максатында.
Аялдарды колдоо уюму тарабынан кездемелер берилип, ал кездемелерден карантин учурунда үйлөрүндө отуруп бет каптарды тигүү менен алек болушту. Тиккен бет каптарын акысыз элге таркатышкан.
Андан сырткары, аялдарды үч ирет окутуулардан өткөрүштү. Кышка мөмө-жемиштерден жана жашылчалардан банкага кандай жабуу технологияларын үйрөнүштү. Дары чөптөрдү туура кургатуу боюнча да окуулардан өтүштү. Андан соң аялдар бизнес план түзүү боюнча билимдерин жогорулатышты.
Жогоруда айтып өткөндөй беш топ, беш түрдүү ишкерлик боюнча окутуулардан өтүштү. Окутуулардан өткөн 25 аял Азык-түлүк программасы тарабынан 3 кап ун жана 15 литрден өсүмдүк майы менен камсыз болушту».
«»Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен БУУ-аялдар, ФАО, ООНдун азык-түлүк программасы, ИФАД ушул төрт организациялар менен биргеликте элеттик айымдардын экономикалык абалын жогорулатуу максатында «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тендерден утуп алып, ушул долбоорду ишке ашырып жатабыз.
Долбоордун биринчи этаптары июль айынан башталган. Башында элеттик айымдардын муктаждыктарын аныктап кеткенбиз. Ал боюнча этап, этабы менен окууларды уюштурганбыз.
Жалпы 38 айым окуутулардан өтүштү. Алардын ичинен 25 аял эки топко бөлүнүп, дары чөптөрдү туура кургатуу боюнча бизнес пландарын жазып тапшырышты. Ал пландар конкурска кетти. Биз учурда жыйынтыгын күтүп жатабыз.
Жыйынтык жакшы болсо гранттык түрдө керектүү аспаптарды алып келип, салтанаттуу түрдө тапшырып кетебиз. Ал кайтарымсыз болот. Жогоруда айткан 4 уюм, Инсан Лейлек коомдук фонддун жардамы менен 25 аял 3 каптан ун жана 15 литрден өсүмдүк май менен камсыз болушту»,- дейт Линура Душабаева.
Кулатов айыл аймагынын тургуну Марапат Бекиеванын билдирүүсүндө: «Бул долбоор менен иштешип, биз өтө көп пайдалуу нерселерге ээ болдук. Биринчиден билим алууга жетиштик. Карантин учурунда жумуш менен камсыз болдук, элибизге акысыз бет кап тигип таркаттык. Бизнес план жазып, конкурска пландарыбызды жөнөттүк. Буйруса дары-дармек кургатуучу техника менен камсыз болобуз деген үмүттөбүз».
Элдин демилгеси менен айылга рентген УЗИ аппараттары алынды
Таңнуру Жалалова