Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалимдери Кыргыз билим берүү академиясынын 72 сааттык онлайн курстарынан өтүп, өтүп, сертификат алышты. Курстан өткөн 54 мугалимдин алды 35-40 жылдык тажрыйбасы бар, ал эми арты жаңы ишке кирген.
География сабагынын мугалими Жыргал Кожоева аталган мектепте 35 жылдан бери балдарга сабак берип эмгектенип келет.
“Азыр эми пандемиялык кырдаал болуп жатпайбы. Окуучуларды да аралыктан окутуп, ошол эле учурда өзүбүз дагы заманга ылайык усулдарды үйрөнөлү, убактыбызды текке кетирбейли деп окудук. Абдан пайдалуу болду. Өзүбүзгө жаңы, көп маалыматтарды алдык. Жалпы курстан жана предметтик курстан дагы өттүм. Инновациялык усулдук билим берүү боюнча билимибизди жогорулаттык. Окутуучубуз Чынар Султанбекова жаш болсо дагы абдан дасыккан, тажрыйбалуу, билимдүү мугалим экен”.
Ал эми кыргыз тили жана адабияты мугалими Жаңылкан Эгешова курстун айрым тапшырмаларын аткаруу бир аз кыйынга турду дейт.
“Анткени керектүү сандарды таап жазуу керектиги тууралуу таблицалар да бар эле. Пандемия учурунда аралыктан окутуу өзүбүз үчүн пайдалуу, экономдуу болду. Бир күндө 2 же 3 саат убакыт бөлүп, тапшырмаларды аткарып жаттык. Көп жылдык тажрыйбабыз бар дебестен биз да окуп, билимибизди терендетүүгө аракет кылдык. Жыйынтыгында ар кандай ыкмаларды үйрөндүк”.
Барчын Мамытбекова