Адатта өрт кырсыктары эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат. Натыйжасы ар кандай чыгымдарга, эң өкүнүчтүүсү адам өлүмүнөдагы алып келиши мүмкүн. Ошол себептүү үйдөн чыгарда жарыкты өчүрүү, кыска чыңалуу болбос үчүн электр зымдарын эрежеге ылайык орнотуу,балдардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө өңдүү эрежелерди эстен чыгарбоо зарыл.
Ак-Талаа районунун аймагында быйылкы жылдын 11 айында, былтыркы 2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу өрт кырсыгы 2ге(экиге) өскөн.