Нарын облусуна караштуу Чолпон айылынын №3 айылдык китепканасында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата чакан иш чара болуп өттү. Окуучуларга тил күнү боюнча маалымат берилди.
Чуй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе № 1 — орто мектеп лицейинде Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата иш чара болуп өттү.
Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык мааракесине арналган «Билим алып ыйык анын колунан, даанышман да мугалимден окуган» деген темада салтанатуу жыйын, Сокулук районунун маданият үйүндө болуп өттү.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул иш-чарада Турусбек орто мектебинин окуучулары көркөм окууларды айтышты жана дубал газеталарды илишти.