Чуй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе № 1 — орто мектеп лицейинде Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата иш чара болуп өттү.
Иш -чарада ар улуттун балдарынын «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, интермедия аткарылып, көркөм ырлар окулуп, улуу окумуштуулардын учкул сөздөрү айтылып кыргыз тилин даңазалышты.
«Окуучулардын мекенди сүйүү сезимдери ойгонуп, тилге болгон көз караштары өзгөрдү»,- деп билдирди мектептин директору Бардакова Ирина.
«Кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарылышына 30 жылдын жүзү болду. Кыргыз тили — баа жеткис улуу мурас. Тилди сактап муундан муунга өткөрүп берүү ар бир инсандын милдети экенин түшүнүшүбүз керек», — деп оюн билдирди Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Ишеналиева Чолпон.
Иш- чара тил гимнин аткаруу менен аяктады.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова