Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык мааракесине арналган «Билим алып ыйык анын колунан, даанышман да мугалимден окуган» деген темада салтанатуу жыйын, Сокулук районунун маданият үйүндө болуп өттү.
Бул иш- чарага райондук мектептерде иштеген кыргыз тил мугалимдери, мектеп жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, Сокулук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адистери ошондой эле улуттук тил комиссиясынан коноктор келишти.
Жыйынга мектепте 35-40 жылдан бери кыргыз тил жана адабият сабагын берип иштеген 12 ардагер мугалимдер чакырылган.
Кызыл — Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинде эмгектенип жаткан ардагер мугалим «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы Дайралиева Нурила да бар. Дайралиева Нурила бул аталган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, Чодугул Байсалбекова атындыгы орто мектебинде көптөгөн жыл жетекчилик кылып келген. Анын тарбиялап окуткан окуучулары мекенибиздин ар кайсы тарабында эмгектенишүүдө.
Учурда Нурила эже Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабият мугалими болуп эмгектенип келет.
Даярдаган: Динара Сарбашова