Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2019-2020-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айназик Жолдошова 196 баллга татыктуу болду.
Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жетекчиси Нуржамал Дүйшеева райондук ооруканага колдоо көрсөткөн атуулдарга ыраазычылык билдирди.
Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебинин спорт залы күндүзгү стационар катары колдонууга берилди.
Тогуз-Торо районунун айыл аймактардагы айрым орто мектептер, күндүзгү стационар катары колдонууга берилип жатат.
Тогу- Торо районундагы мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүштү. Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга, райондук билим берүү бөлүмү, ички иштер бөлүмү, медицина кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүштү.
Чечилүүнү талап кылган, көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышуу үчүн облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов Тогуз- Торо районуна иш сапары менен келди.
Республикалык «Санариптик педагогика» конкурсуна Тогуз-Торо районунан 18 педагог катышып, 8 мугалимдин видео сабактары республикалык булуттук сактагычка түшкөн.
Тогуз-Тородогу №7 Таштемир Сатыбалдиев мектебинде акыркы коңгуроо онлайн өткөрүлдү. Иш- чарага мектеп директору, Сары-Булуң айыл аймак башчысы Амангелди Токтоналиев, Райондук билим берүү бөлүмүнөн Тамара Итигулова, Тогуз-Торо райондук администрациясынан Марлис Олжотоев …
Тогуз- Тородогу Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары Улуу жеңиштин 75жылдыгына карата «Өлбөс полк»онлайн фестивалына катышып, видео роликтерди даярдап жатышат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Эпээва билдирди. Иш …
Коронавирус илдетине байланыштуу республиканын аймактарында өзгөчө абал киргизилгендиктен Тогуз-Торо районунун аймагында социалдык абалы начарлап, жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө карантин башталган күндөн тарта «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан азык түлүк жардамдамдары …
Бул тууралуу Тогуз-Торо районундагы Санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова билдирди. “Бүгүнкү күнгө чейин Тогуз-Торо районуна сырттан Турция, Россия, Казакстан, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келгендердин …
Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылына кары картаң жана ишсиз үйдө отурган айылдаштарга жалпы жаштардын атынан материалдык жардам берилди. Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын …
Оорунун алдын алуу максатында чет мамлекеттерден келген жарандарды жана алар менен жакын контактта болгондор такталып, медициналык байкоого же башкача айтканда обсервацияга же үй шартында карантинге алынууда. Бул тууралуу Санэпид көзөмөлдөө …
Санэпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коронавирус оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө район боюнча жалпы 37 мекеме ишкана, 21 соода түйүндөрү, 3 ашкана, 8 бала бакча, 5 мечит, …
Тогуз-Торо районундагы № 45 кесиптик лицейинде бет кап тигилип, райондун тургундарына өз баасында берилип сатыкка чыкты.
Сары-Булуң айыл өкмөтү, Кара-Суу аялдар кеңеши менен биргеликте 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата социалдык жактан муктаж, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар чакырылып, майрамдык маанай тартууланды.
5-март Ак калпак күнү маданият үйүнүн алдында белгиленди. Бул күндүн урматына райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары ак калпагын башына кийип, борбордун көчөлөрүндө ураан чакырыктар менен жөө жүрүш өткөрүштү. …
«Күнчубак» балдар бакчасында «Биз аяздан коркпойбуз» деген темадагы иш чаралар өтүп жатат.
Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин жыйындар залында 15-февраль Советтик Аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программа өткөрүлдү.
Иш чаранын жүрүшүндө 2019-жылдагы аткарылган иш чаралар, аялдардын шайлоого катышуусу, 2020-жылдагы иш планын бекитүү жана кеңештин курамын бекитишти.