Сары-Булуң айыл аймагынын, Табылгыты айылынын тургундары Жоомарт Кубанычбеков жана Зухураб Жыргалбеков райондук ооруканага жардам көрсөтүштү. 2 даана кычкылтек концентратор, 10 даана пульсоксиметр, 100 даана респираторлорун оорукананын башкы дарыгерине тапшырышты.
Табылгыты айылынын тургундары Жоомарт Кубанычбеков жана Зухураб Жыргалбековдор райондук ооруканага жардам көрсөтүштү
2 даана кычкылтек концентратор, 10 даана пульсоксиметр, 100 даана респираторлорун оорукананын башкы дарыгерине тапшырылды
Мындан сырткары, Тогуз-Торо аймагынан Нурсултан Кудайбергенов үй-бүлөсү менен Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарындагы ФАПтарга медициналык өздүк коргонуучу кийимдер, пульсоксиметр, дары-дармек, локтевой дозатор жана башка медициналык каражаттар бөлүштүрүп берилди.
Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарындагы ФАПтарга медициналык өздүк коргонуучу кийимдер, пульсоксимет, дары-дармек, локтевой дозатор жана башка медициналык каражаттар бөлүштүрүп берилди.
Жергиликтүү Фапка жардамга келген дары-дармектер
«Кыйын күндө кайдыгер карабай, жардам көрсөтүп, элге кол сунган эр азаматтарыбызга ыраазычылык билдиребиз»-дейт райондук оорукананын башкы дарыгери Нуржамал Дүйшеева.
Тогуз-Торо райондук ооруканага ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатат
Тогуз-Торо жаштар кеңешинен жардам
Жазгүл Машаева