Ысык-Көлдүк Сыймык аттуу жигит көп жылдан бери издеп жүргөн таятасын kyrgyzmedia.kg сайты аркылуу таап, байланыша алышты.
Бахридин Аскаров жаш мезгилинде. Ушул сүрөт аркылуу небереси тапкан
Бахридин Аскаровдун биринчи жубайы Ысык-Көлдөн болчу. Турмуштун татаалдыгы, жубайларды эки ара жолго салган. Биринчи турмушунан эки кыз бир уулу бар эле. Жубайы менен ажырашкандан кийин алар Ысык-Көлгө кетишкен. Балдары менен убакыттын өтүшү менен байланышы үзүлүп, катташпай калышкан. Андан соң Ооган-Талаа айылынан үйлөнөт.
Бахридин Аскаровдун биринчи үй-бүлөсүнүн кызынын балдары бир канча жылдан бери издеп, таппай жүрүшкөн, кыргызмедиага кайрылуу аркылуу кезигишип олтурат. Анда сөз башынан болсун:
Үй бүлөнү табыштырган Гулназ Камбарали кызы
kyrgyzmedia kg сайтынын СММ адиси Гүлназ Камбаралы кызы:
«Мен kyrgyzmedia kg сайтында СММ адис болуп иштейм. Биздин сайтка менин номерим жазылган, анткени кызыктуу макалалар, сүрөттөр болсо жөнөтүңүздөр деп, СММ адиси катары телефон номерим коюлган болчу. Бир күнү Whats app аркылуу кат келиптир. Ал катта сиз Чарбак айылынан болосузбу деп жазыптыр, мен өзүм Ооган-Талаада жашаган үчүн Чарбак айылы жакын, эмне болду? деп сурадым, бир адамды издеп жүрдүк эле жардам бербейсизби деп кайрылып, канча сом беребиз деп сурашты. Колумдан келгенинче жардам берем, акчасынын кереги жок, сүрөтүн, аты жөнүн жөнөтүңүз дедим. Маалыматтары келгенде карасам, мен тааныган киши экен, үч небереси менде окуган үчүн жакшы тааныйм. Неберелеринин ата-энелеринин номерлери бар болчу, дароо эле кызы Сажида Аскаровага жаздым, Ысык- Көлдөн издеп жатышыптыр деп. Атамдын биринчи турмушунан балдары бар деп айтты.
Бири-бири менен байланышка чыкканча мен аркылуу сүйлөшүп турушту, балдары жөнөткөндөрүн атасына жөнөтүп, атасы жөнөткөндөрүн балдарына жөнөтүп турдум. Мен өзүм да аябай толкунданып, бир күн кечке ошолор менен убара болдум. Бири-бирини кандай кабыл алат, 1994-жылдан бери такыр көрүшушкөн эмес экен, анан кандай кабыл алды болду экен деп кыжаалат болдум, кийинки турмушу кандай кабыл алат, жубайы эмне дейт деп.
Жакшы сүйлөшүп, видеозвоноктон бири-бирин көрүп, кубанычтары койнуна батпай сүйүнгөн атасы менен кызын көргөндө көзүмө жаш айланды. Кыргызмедианын жардамы менен табылган үй-бүлө, анткени Бахридин мырзанын небереси тайтасын издеп Google издөө баракчасына Чарбак деп жазганда Ооган-Талаа, Чарбактын биз жазган макалалар чыгыптыр, ошол боюнча кыргызмедиага барганда менин номерим чыгыптыр. Бул деген Аллахтын кереметиби, жазганыбы айтор дагы бир 27 жылдан бери көрүшпөгөн үй-бүлөнү жолугуштуруп, таап бердик десем жаңылышпайм».
Бахридин Аскаровдун Ысык-Көлдөгү балдары кичине кезинде
«Таятабызды 5-6 жылдан бери эле издеп жатканбыз, почталарга кат жөнөтүп, анан дагы деле дайыны жок болуп жаткан, номерлери да жок болчу. Гуглдан издөө максатыбыз жанындагы айылдарды издеп, балким тааныган адам чыгып калабы, ошолор менен сүйлөшүп тапсак болобу деген ой болчу. Апамдын алгачкы сезимдери, аябай толкунданды, видео звонок менен сүйлөшкөндө көрүп ыйлап жиберди. Эми тайатабызды тапкандан кийин буюрса жазы менен кезигишебиз деп жатабыз. Жакшы сезимдер болуп жатат силерге чоң рахмат»-деди небереси Сыймык.
Бахридин Аскаровдун кызы жана неберелери
«Атамдын Ысык-Көлдөн үй-бүлөсү бар болчу, балдары бар, биз экинчи балдарыбыз. Чарбаалык абаларым 10 жыл мурун барган Бишкеке жолугушуп, таанышып анан ошол жакта сүрөткө түшүп, алып келишкен. Ошондо көргөнмүн бир туугандарымды, анан атам барбайт болчу биз эми тааныбайбызда сүрөттөрүн эле көргөнбүз, номерлери деле жок. Азыр Гулназдын жардамы менен бир туугандарыбызды таптык. Кыргызмедиага жана СММ адис Гулназга ыраазычылык билдиребиз. Буйруса жайда жолугушабыз, катташабыз деп жатабыз»-деди кызы Сажида Аскарова.
Кыштагы кооптуу жолдорго байланыштуу Бахридин Аскаровдун үй- бүлөсү жазда кезигүүнү чечип, чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Аймээрим Саитжанова