Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак номер 5429 шайлоо тилесинде мөөнөтүнөн мурда болуп жаткан президенттике шайлоого шайлоочулар активдүү катышты. Эч кандай мыйзам бузуулар, техникалык мүчүлүштүктөр байкалган жок.
Кызыл-Булак номер 5429 шайлоо тилкеси шайлоо учурунда
Кызыл-Булак номер 5429 шайлоо тилкесинин төрагасы Абдрахманов Мурзали маалымат берип жаткан учуру.
Кызыл-Булак номер 5429 шайлоо тилкесинин төрагасы Абдрахманов Мурзали Орозалиевдин билдирүүсүндө:
«Буга чейинки шайлоолордой эле шайлоону саат 8.00дө Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда, аксакалдардын батасы менен, жакшы тилек менен баштап алдык. Шайлоо тилкеси айыл өкмөттүн маданият үйү болгондуктан, жылытууну бир жума алдын баштаганбыз.
Учурда талаптагыдай 18 градустагы жылуулукта шайлоону өткөрүп жатабыз. Шайлоо тилкенин комиссия мүчөлөрү атайын окутуулардан өтүшкөн. Шайлоо пандемия учуруна дал келгендиги үчүн шайлоочулардын коопсуздугу эске алынып, аралыктарды сактоо иштери, зыянсыздандыруучу каражаттар менен ар бир шайлоочуну камсыздап жатабыз.
Учурда шайлоочулар активдүү катышып жатышат. Саат 8 ден баштап эч кандай мыйзам бузуулар жана техникалык мүчүлүштүктөр байкалган жок. Эгерде электр жагынан көйгөй чыга турган болсо кошумча генераторлор даярдалган, урналар бланкаларды жакшы кабыл алып жатат.
Шайлоодогу тартипти көзөмөлдөө үчүн ички иштер органдарынын 2 кызматкери иш алып барып жатышат. Андан сырткары, 2 медицина кызматкерлери дагы шайлоочулардын дене табын текшерип, колдорун зыянсыздандырып, колкаптар менен камсыздап жатышат. Шайлоонун жүрүшүн бей өкмөт уюмдун байкоочулары жана айрым талапкерлердин байкоочулары көзөмөл жүргүзүп жатышат».
Миңбаева Айгүл 40 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенип, учурда пенсионер шайлоочу катары өтүп жаткан шайлоого төмөнкүчө баа берди:
«Мен балдарымдын жана жаштардын келечеги үчүн буга чейинки шайлоолорго да үй-бүлөм менен активдүү катышып келем. Бүгүнкү мөөнөтүнөн алдыңкы президенттик шайлоого келип, өзүм каалаган талапкерге добушумду берип чыктым.
Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок, бардык шайлоонун эрежелери сакталып, тартип эң жакшы жолго коюлуптур, имараттын ичи жылуу, медицина кызматкерлери бет кап, кол кап менен камсыздап жатышат. Буга чейинки шайлоолорго караганда шайлоо таза жана адилеттүү өтөт деп ишенем. Менин элиме айрым кайдыгер жарандарга кайрыларым элибиздин келечеги үчүн ар бири өз добушуну берип кетишини суранар элем».
Коргонбаев Айтмамат милициянын ардагери маалымат берип жаткан учуру
Коргонбаев Айтмамат милициянын ардагери бүгүнкү болуп жаткан шайлоого төмөнкүчө оюн билдирди:
«Бүгүнкү шайлоонун өзгөчөлүгү тарыхый чоң окуя деп эсептейм. Себеби, 30 жыл бийликке келген президенттерибиздин кетирген каталарын кайталабаган президент келет деп ишенип турам. Себеби, эл айрым башчыларыбыздын каталарын түшүнүп, татыктуу президентти шайлайт деп ишенем, ошол эле учурда бүгүнкү шайлоо таза, адилеттүү өтүп жатканына ынанып отурам».
Видео: Шайлоо учурунда бюлеттендер кайрадан салынды
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова