Жылдыз Арыстанбек кызы онлайн окуу учурунда бир катар окуучуларга гаджеттерди белекке берген долбоорду ишке ашырган. Студент кыздын бул аракети мектепте мыкты окуп, бирок техникалык жабдыктардын жоктугунан аксап жаткан окуучулардын билим алуусуна чоң көмөк болгон.
Жылдыз Арыстанбек кызы учурда Европада билим алат. Жылдызга күзгү семестрда проект жазуу боюнча жаңы сабак кирип, анын алкагында студенттер учурдун маанилүү көйгөйлөрүн чечүүгө бел байлашы керек болчу. Жылдыз Арыстанбек кызы балдарга билим берүүчү Zhyldyz Academy аталышындагы академия ачып, ал жерден окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жана англис тилин үйрөтчү. Мындан улам пандемия учурунда көпчүлүк үй-бүлө туш келген онлайн окууда гаджеттердин жетишсиздиги ага тааныш болуп, бул маселени кантип чечүүнү ойлонуп жүргөн. Бул тапшырманын артында ал өз оюн ишке ашырды.
Бул долбоор Кыргызтан менен катар Кытай өлкөсүндө да ишке ашып, эл аралык деңгээлде өттү. Бул проект оригиналында “Give me your second hand” (кыргызча: мага экинчи колуңду бер) деп аталат.
“Бул аталыштын эки мааниси бар: биринчиси мага экинчи колунду бер мен сени кулап бараткан жерден тартып чыгарайын деген болсо, экинчиси колдонулбай калган гаджеттерди берүү аркылуу жардам берүү деген мааниде. Логодо дагы кулап бараткан адам жана ага жардам катары кол сунган адамдын сүрөтү турат”.
Көйгөйгө элдин назарын буруу максатында 12 жаштагы телефонго муктаж болгон окуучу кызды тартып, анын көз карашы менен бул маселени коомго жеткирүүнү каалаган. Аны ММК жана социалдык тармактардын жардамы аркылуу элге жарыялап, коомдон көйгөйдү чечүүгө кол кабыш сурашкан. Жыйынтыгында жардам берем дегендер эмес, бизде дагы ушундай муктаждык бар деп жардам сурагандар көп болду дейт Жылдыз.
“Бул муктаждыкты чечүүдө көпчүлүк Туркия жана Россияда жашаган тааныштар, жакындар акчалай түрдө жардам берип жатышты. Андан тышкары бизди көргөн мекендештер дагы жакшы жардам беришти. Топтолгон акчанын барын чогултуп, бир окуучуга кымбат телефон алып берип койбостон, колдонулган бирок колдонууга жарактуу болгон телефондорду жыйнап көбүрөөк окуучуга алып бергенге аракет кылдык”.
Жардамга муктаж адамдарды “Элим барсыңбы?”- кайрымдуулук фондунун жардамы менен бирге аныкташкан. Алар өз кезегинде жардамга муктаж окуучулардын тизмесин аныктап беришкен.
“Гаджеттерди топтогон соң, окуучуларды ата-энелери менен чакырып телефонду силерге ойногонго берген жокпуз, муну окуп билим алууга колдонгула деп кеп-кенешибизди айтып, аларды шыктандырып келдик. Негизи эле онлайн билим берүүдө эң фундаменталдуу нерсе технологиянын бар болгону жана интернеттин жетиштүүлугү да. Эгер бул эки нерсе жок болсо калганы жөнүндө сөз кылбай деле койсо болот. Биз көп окуучуга жардам бергенге аракет кылдык бирок, дагы муктаж окуучулар көп эле. Окуу офлайн режимге өткөндө деле телефон керек. Окуучулар жаңы маалыматтарды алып, мезгил талабына жараша өсүүсү үчүн ал маанилүү каражат. Болгону аны туура колдонуш керек. Биз мындан ары да бул проекти улантууга кызыктарбыз”, — деп билдирди Жылдыз Арыстанбек кызы.
Ар бир кыргызстандык чет өлкөдө билим ала алат
Жеңишгүл Тоголокова: Алты саным аман туруп жашоого наалат айтпаганды үйрөндүм
Касиет Кубанычбек кызы, Айгерим Кубатбекова