Айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толуп турган кези. Бул мааракени акындын туулуп өскөн айылы Ача-Кайыңдыда айыл тургундары белгилешти.
70 жылдыкка арналган кечени айыл тургундары, окуучулар, мугалимдер жана айыл өкмөт кызматкерлери өткөрүштү. Анын жүрүшүндө залкар акындын ырлары, чыгармалары жаңырып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.
Андан тышкары, акын менен айыл тургундары абдан сыймыктанарын белгилешип, ага каалоо-тилектери айтылды.
Шайлообек Дүйшеев өзүнүн эң белгилүү китеби «Агындыларда» Ача-Кайыңды айылын сүрөттөп, каармандары азыр дагы бар адамдар. Кеченин эң кызыктуу жери окуучулардын Шайлообек Дүйшеевдин мектепте жүргөндө жаңы келген кызга ашык болгон жерин сценка кылып аткаргандары болду
Асель Уркунбаева