Бул китепте авторлор узак жана бактылуу жашоонун сырларын билүү үчүн Жапониядагы кылым карыткандар кыштагы Огимиге барышат. Белгилүү болгондой, жапондор узак жашоочулардын катарына киришет. Мындан улам, китептин авторлору испаниялык Гектор Гарсиа жана Франческ Мираллес мунун сыры эмнеде экенин изилдеп көрүшкөн.
Япондордун айтымында ар бир кишинин икигайы бар. Болгону аны издеп табуу керек. Айрымдар аны таап алышкан. Аал эми кээ бири бул кызыктуу нерсенин өзүдөрүнүн ичинде катылып жүргөнүн билбей эле башка жерден издеп жүрүшөт. Дүйнөдөгү узак жана бактылуу жашаган Окинавалыктар биздин эрте турушубуздун себеби-биздин икигайыбыз дешет экен.
Икигай бул- маңыздуу, стрессиз, активдүү, бактылуу жана узак өмүр сүрүү үчүн позитивдүү ойлонууга чакырган китеп. Окурмандар жогоруда аты аталган бактылуулук, стрессиз жашоого жетишүү үчүн төмөндөгү суроолорго жооп ала алат.
-Жаш өйдөлөгөн сайын жашаруунун искусствосу
— Узак жана бактылуу өмүр сүрүүгө таасир эткен майда – барат нерселер
— Канткенде өз максатыңды аныктап, узак жана бактылуу жашайсың?
— Жасаган ишиңди жана бош убактыңды өсүп-өнүгүү үчүн кантип колдонсо болот?
— Дүйнөдөгү узун өмүрлүү адамдардын даанышман сөздөрү
— Кылым карткан япондордон сабак
— Дүйнөнүн супер кылымгерлери эмне ичип-жешет?
— Сергек жана узак жашоону камсыз кылган Чыгыштын көнүгүүлөрү
— Стресске жана кайгыга алдырбай жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңсе болот?
Япондор пенсияга чыккандан кийин да иштей беришет. Иш жүзүндө япондордун дээрлик көпчүлүгү пенсияга деле чыгышпайт. Алар ден соолуктары мүмкүнчүлүк бергенине жараша өздөрүнүн сүйүктүү иштеринде иштей беришет.Япондордун маданиятында ар бир адамдын жашоодо максатынын болушу өтө маанилүү, ошондуктан алар пенсия деген сөздү билишпейт.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жүзгө чыккан адамдардан кызыктуу фактылар табылды:
Бул “курсагыңды 80%га гана толтур” дегенди билдирет. “Тамакты тое жебе” деген илгертен келе жаткан накыл кеп бар. Ошондуктан Окинавалыктар тамакты ашыкча жеп, аш кылалбай курсагын көтөрүп баса албай, клеткалардын кычкылдануу мөөнөтүн тездетүүнун ордуна курсакты 80%га толгонун сезгенден кийин токтотуп коюшат.
Тынымсыз иштеген, ар нерсени тез кабыл алган акыл, жаш бойдон калуунун бирден бир ачкычы. Акыл тунук болсо, ал адамды жашоонун таза жолуна жетелеп, улгаюуну кечеңдетет. Физикалык көнүгүүлөрдү жасабаганда денеге жана маанайга таасир этсе, акыл көнүүгүүлөрдү жасабоо дагы нерв клеткаларына зыян келтирип нерв системанын бузулуусуна алып келет.
Биздин нейрондор адам 20жашка чыккандан баштап эле карый баштайт. Ал процессти акыл көнүгүүлөрү, бир нерсеге кызыгуу жана жаңы нерселерди окуп үйрөнүү жайлатат.
Көп кишилердин өз жашынан кары көрүнүшүнүн себеби мээге күч келтирүү же стресс себеп экени изилденген. Анкени, кыйын мезгилде адамдын денеси тез эле карып кетет экен. Ошондой эле адамдагы оорунун көпчүлүгү стресстин кесепетинен келип чыгат.
Ошондой эле япондор: “ Көп отурсаң, бат карыйсың”-дешет
Кыймылдын аздыгынан улам, кан басымдын көтөрүлүүсү, ашыкча салмак сыяктуу көптөгөн ооруларга алып келет. Бул өз кезегинде узак жашоого терс таасирин тийгизет.
Кыймылсыз отура берүүнү азайтуу үчүн көп нерсенин деле кереги жок, болгону каалоо жана күн тартибин бир аз өзгөртүү керек. Кыймылдуу жашоо образы жашоого кирсе ичтеги ой-санаа менен катар сырткы келбет дагы оңолоорун айтышат. Мындан улам алар күнүмдүк жашоого бир аз кошумча киргизүүнү сунушташат:
“Күндө эмне жаратсак, биз ошобуз.
Мыктылык – бул аракет эмес, бул- адат.” (Аристотель) Китептен жакшы адаттарды ошондой эле пайдалуу кеңештерди окуй аласыздар.
Кыргыз тилинде өзүңүздү өнүктүрүүчү мыкты китептер
“Убакыттын чеберин” окуп, жашооңузга дем бериңиз
Айгерим Кубатбекова, Касиет Кубанычбек кызы