Кечээ кечинде жааган жамгырдан улам Бакай-Ата айылындагы бир канча турак-жайдын короосун суу каптады. Аталган айылдын тургуну Кадырбай Асылбековдун короосуна суу кирип, кой, отундарын агызып кеткен.
Кадырбай Асылбековдун айтымында 12-февралда кечки саат алтыларда үйүнүн жанындагы арыктан аккан суу көтөрүлө баштаган. Өз алдынча аракет кылып, каптарга кум салып, сууну тосууга аракет кылган. Бирок аракети жыйынтык берген эмес.
“[…] Суунун көптүгүнө байланыштуу арыкка батпай бүт жерди каптады. Үйдүн алдын баарын суу каптап, отундарды агызып кетти. Корообузду бузуп, койлорду агызды. Коңшулардын жардамы менен бардык койлорду суудан алып чыктык”, — деп кейиди Асылбеков.
Асылбековдун коңшусу Айганыш Танабаева коркуу сезими болгонун, бирок ошого карабай кошунасына жардам бергенге үлгүргөн.
“[…] Кудай, кудай, деп кудайга жалындык. Андан башка колубуздан эмне келет. Колубуздан келген жардамыбызды жолдошум, балдарым менен биргеликте кошунабызга көрсөттүк”,- деди Танабаева.
“[…] Баарын көрүп турасыздар. Муну бардыгы зыян. Кайра калыбына келтирүү үчүн көптөгөн убакыт керек болот. Бул селде өзүбүз жабыркаган жокпуз, үй-бүлөбүз менен аманбыз […]”,- деп айтты үйдүн ээси Асылбеков.
Бирок, отун-суубуз, тамактарыбыз, бардыгы агып кетти, деп кошумчалады ал.
Жергиликтүүлөрдүн билдиришинче, Бакай-Атада мындай суу каптоо акыркы жолу 2009-жылы каталган.
Видео
Сүрөт жана видеодо Кадырбай Асылбековдун үйү. Автору: «Бакай-Ата FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Бакай Сапаралив, Алижан Куттубеков.