Айыл үнү тиркемеси макалаларды окууга, аудио угууга, Кыргызстандагы жааматтык борборлордон видео програмаларын көрүүгө болот. Тиркеме айылдагы аялдардын, жаштардын жана балдардын көйгөйлөрүн кыргыз, орус, англис тилдеринде чечим кабыл алуу деңгээлинде жеткизет.
Андан тышкары «Мобилдик тиркеме сандык чөнтөк үналгы катары иштейт. Аудио файлды, подкастты, колдонуучу алдын ала мобилдик аппаратына жүктөп алса болот. Бул айылдыктар үчүн маалыматка жетүүнүн жолун кеңейтет»-деди Алматыдагы ЮНЕСКО Класстердик бюросунун коммуникация жана маалымат программасынын адиси жана ушул программанын түзүүчүсү Сергей Карпов.
Контентти түзүү жана колдоо Кыргызстандагы мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу ишке ашырылып жатат. Булар жамааттык ММК ассоциациясы жана КЛООП медиа фонду.
Айыл Үнү тиркемеси БУУ жана Европа Биримдигинин долбоору боюнча даярдалган. Долбоор калыс башкарууну алга жылдыруу аркылуу Кыргызстанда социалдык адилеттүүлүккө жетишүү үчүн түзүлгөн. 2011-жылы октябрда ишке кирген жана 36 ай ичинде 2014-жылы октябрына чейин иштейт. Проектин максаты бул муниципиалдык кызматтарды пайдаланууда адамдардын укуктарынын потенциалын жогорулатуу . Өзгөчө калктын начар катмары аялдар, жаштар жана балдардын маселелерин угузуу. Кыргызстандагы 7 обласындагы 30 айыл муниципалитетте иш жүргүзөт. ПРООН, ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ, ООН- аялдар ЭС болсо жогорууда аталган БУУнун мекемелери менен бирге бул долбоорду каржылайт.