2019-жылдын 22-23 ноябрда Талас облустук чет тилдер лицей комплексинде окуучулар арасында семинар ѳткѳрүлдү.
Олимпиада тууралуу лицейдин информатика, алгебра, геометрия сабактарын алып барган мугалими Баелиева Айнура кыскача маалымат берди.
— Олимпиада кандай түрдѳ ѳткѳрүлдү?
«Республикалык олимпиадага жакшы мыкты окууган окуучуларды тандоонун биринчи тепкичтери. Ошону тандап алыш үчүн болуп ѳттү. Олимпиада ар бир сабактан ар кандай формада болду. Мисалы, математикадан, геометриядан текшерүү иш түрүндѳ болсо, башка сабактардан тест түрүндѳ болуп ѳттү. Ал эми информатика сабагы боюнча онлайн тест түрүндѳ телефон аркылуу болду»,- деп билдирди.
Даярдаган: Бактыгүль Сүйүнтбек кызы