Талас шаарындагы ун саткан жайларда бир аптадан бери ун арзандады.
Бул тууралуу сатуучулар билдирди.
“ 1-сорттогу ун 1700 сомдон, 2000 сомго чейин болуп жатат. Ал эми, жогорку сорттогу ун 2200 сом болуп жатат. Баанын түшкөнүнө 1 апта болду. Казакстандан келип жаткан импорттук ун арзан келип жатканы себеп болууда. Ал эми, мурунку баасы 1-сорттогу ун 2200 сом болуп жаткан»,- деп билдиришти.
Айгуль Сакеева