Календула дегеле кооздук үчүн эле эмес, дээрлик дарычылык касиети жана пайдасы менен актуалдуу. Анын гүлүн сатып ишкерлик кылуу менен сабагынан малга жем даярдаса да болот.
Сайрагүл Үрүстөмова календуланы өстүрүү, андан түшүм алуу, аны сатып ишкерлик кылуу боюнча атайын окуудан өткөн.
«Биздин айылга үрөндөр аркылуу ишкерлик кылуу боюнча долбоор келген. Биз календуланын уругун тандап алганбыз. Өзүбүздүн айылда жашаган тургундар да бул өсүмдүктү айдашып, буга чейин сатып келишкен. Иштесе пайдалуулук жагы өтө көп болот экен. Календуланын дарычылык касиети да бар болгондуктан дарыканаларга да өткөзсө болот.»

Сайра Үрүстөмова
Долбоорго Оттук айылынан 45 аял катышкан. Алгачкы кадам болгондуктан календуланы 0,01 гадан жерге айдап көрүшкөн.
«Биздин айылдан 45 аял биригип катыштык. Бул өсүмдүк гүлдөгөн соң, үстүндөгү сары гүлүн алып, аны кургатып, өткөрөбүз. Биринчи айдаганга байланыштуу мен 0,01га ашык жерге айдадым. Аны өстүрүү ыкмаларды үйрөнгөндүктөн, жакшы чыгат деген үмүттөмүн. Ар бирибиз айдаган жерибизди видео отчёт кылып, аймак боюнча координаторлорго жиберип жатабыз. Өзүнүн жер семирткич дарысы да бар экен. Жакшы өсүшү үчүн гүлдүн ченеми менен сууга аралаштырып, жалбырак болуп чыгып келе жатканда куйсак,жакшы түшүм берет. Календула Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыгарылат экен. Түшүмүбүз мол болуп, купулубузга толсо, албетте ижарага болсо да жер алып, көп жер иштетем деген ойдомун.»

Үрөн себүү
«Календуланын түшүмү абдан пайдалуу. Гүлүн терип алып, кургатып сатабыз. Анын сабагын уйларга беребиз. Себеби, уйдун тоюму да жакшы болот жана уйлардын сүтүнүн майлулуугу да жогорулайт. Биздин айылдык туугандарга кеңешим, көп өсүмдүктөрдү алып келип, аракет кылып өстүрсө болот экен. Кээ бир жылуулукту талап кылган жемиштерди же өсүмдүктөрдү күнөөсканага өстүрүп, аракет кылса, албетте бирде болбосо бирде пайда табат»,-дейт.

Ар бир айыл тургуну кирешеге чыгуу үчүн аракет кылып, дарычылык касиети бар же болбосо жер жемиштерди айдап ишкерлик кыла турган болсо, өзүнө жана үй-бүлөсүнө ар убак кам көрө алат.
Гулнара Кенжеш кызы