9- октябрь күнү Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында завод ачылды. Бул завод «Азра» компаниясы тарабынан пландалып, ишке ашкан. Завод төө бурчакты тазалап, сорттоп, калибрлеген жана 100 граммдан 1 тоннага чейин каптайт.
Таластын жеке ишкери Миргазы Оморов 1997- жылдан баштап төө бурчакты экспорттоо тармагында иштеп келет. 2018- жылы ишкер менен пландалган завод ишке киришти. Бул заводдо дыйкандардан төө бурчак кабыл алынынып, кайра иштетип, тазаланып, сорттолуп, дүйнөлүк базарга чыгат.
Завод 2018- жылдын сентябрь айында ишке кирген жана эл аралык рыноктун талабына жооп берген продукцияны экспортко чыгара алган завод заманбап жабдуулар менен курулган. Жабдуулар Туркиядан алып келинип, атайын адистер тарабынан эрежелерге ылайык курулган. 1 саттык кубаттуулугу 15-17 тонна, 1 күндө 10 саат иштесе 170-200 тонна (10 фура) продукцияны иштетип чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
Бул завод куруу үчүн «Айыл банк» тарабынан кредит бөлүнгөн. Кредит 6% менен 3 жылга берилген, жалпы суммасы 47 млн сом.
Белгилей кетсек, Миргазы Оморов баш болгон «Азра» компаниясы төө бурчакты эспорттоодон тышкары багбанчылык менен алектенип келет.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова