Талас облсуна караштуу Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында 225 орундуу Анарбай Умарбеков атындагы мектеп ачылды. Расмий ачылышына өлкө башчысы Сооробай Жээнбеков өзү катышты. Мектеп 2015- жылдын ноябрь айында башталып, 2018-2019- окуу жылына карата ишке берилди.
Мектеп 2 кабаттуу. Биринчи кабатында, 60 орундуу ашкана, мугалимдердин бөлмөсү жана балдар үчүн атайын жабдууланган эмгек класстары жайгашкан. Экинчи кабатында окуу класстары, актовый зал жана китепкана бар. Мектепке чоң спорттук аянтча жана сырткы ажаткана курулган. Ички жолдору асфальтталган.
Электр жана жылытуу системалары толугу менен ишке киришкен. Жылытуу атайын курулган бөлмөдө көмүр жагуу менен жүргүзүлөт. Көмүр үчүн атайын жай курулган. Электр энергиясы атайын мектеп үчүн курулган трансформатордун жардамы менен берилет .
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова