Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айыл жаштарынын демилгеси Карылар күнүнө карата 110дон ашык карыларга сый тамак уюштурулуп, айылдын таланттууларынын коштоосунда майрамдык концерти өткөрдү.2018-жылдын 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Табылгыты айылынын 1984-жылдагы балдары сый тамагын уюштуруп, табылгытынын жаштары 30дан ашык 70ден ашкан аксакалдарга калпак апаларга жоолук берилди.
Мындан сырткары спорттук оюндар өткөрүлдү.
Даярдаган: Анаркүл Кыпчакбаева