Базар-Коргон районундагы Каба токой чарбасындагы Уйгур-Сай аталышында суу жээгине көпүрө куруу башталган. Бирок, акча каражаттын тартыштыгынан курулуш иштери токтоп турат. Айыл өкмөт дотацияда отурганын айтып, каражат табуу үчүн долбоорлорду издеп жаткандыгын билдирди.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Акбар Жоробев Уйгур-Сай суу жээгине көпүрө куруунун маанилүүлүгүн кеңештин сессиясында көтөрүп чыккан. Жалпы 90 миң сом каражат кеткен көпүрө учурда толук салынбай токтоп турат дейт эл өкүлү.
“Эл аралык уюмдар тарабынан 30 миң сом, Каба токой чарбасы 30 миң сом, калган 30миң сомду эл ашар жолу менен топтоду. Көпүрөнү курууда жергиликтүү тургундар ашарга чыгып, өздөрү цементтин куюшту. 90 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Дагы 60 миң сом акча болсо көпүрөнүн үстүн бүтүрүп, элге пайдаланууга берет элек”, — дейт Жоробаев.
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков айыл өкмөт дотацияда отурганын айтып, каражат табуу үчүн долбоорлорду издеп жаткандыгын билдирди.
“Каба айылында ашар жолу менен көпүрөнүн курулушу башталган. Бул маселе боюнча жергиликтүү эл, депутаттар кайрылышты. Бирок өкмөт дотацияда отургандыктан бул маселени чечүү үчүн долбоорлорду издеп жатабыз. Буюрса, демөөрчү таап көпүрөнү бүтүрөбүз деп турабыз”.
Бул сай аркылуу жергиликтүү тургундар өтөт. Ошондуктан, көпүрөнүн тез арада бүткөрүлүшү мында жашаган эл үчүн абдан маанилүү. Бул тууралуу Каба айылынын тургуну Нурмира Романова айтып берди.
«Көпүрө салабыз деп демилге көтөрүлүп чыкканда ар бир түтүн акча бергенбиз. Бирок, ал жетпей калды. Айылдан чыккан эр азаматтар, долбоорлор чыгып көпүрө бүтүп калса жакшы болот эле. Элдин дагы бир көйгөйлүү маселеси чечилмек»-дейт Романова.
Каба токой чарбасынын мурдагы жетекчиси жана ушул айылдын тургуну Улукбек Абдикаримов элге кыйынчылык жараткан көпүрө маселесине салым кошуу ниети тууралуу ой бөлүштү.
«Көпүрөгө жалпы токой чарбанын эсебинен 30миң сомдук жардам берилди. Мындан сырткары өзүмдүн эсебимден 10 миң сом акчалай жардам берем деп турам. Бүгүнкү күндө мен Каба токой чарбасынан Ачы токой чарбасына которулуп кетсем дагы, баштаган ишимдин акырына чыгарып койсом деп турам. Себеби, мен Каба айылынын тургуну катары элдин сайды өтүүдө кыйынчылыкка учурап жатканын көрүп жүрөм. Элдин түйшүгүн жеңилдетүү максатында ушул көпүрөнү баштаганбыз. Эл үчүн көпүрөнү оңдоп акырына чыгарабыз деп ойлойм».
Гулназ Камбарали кызы