Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө жалпы 7 шайлоо тилкеси бар. Айыл өкмөт тарабынан 90 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал санитардык абалды сактоо максатында бет кап, антисептик, бир колдонулуучу кол кап ж.б алууга жумшалган. Айыл өкмөттөгү 7 шайлоо тилкеси шайлоочуларды кабыл алууга даяр.
Кулатов айыл өкмөтүнүн №5429 шайлоо участогунун төрөгасы Алмазбек Каримов: «Биздин шайлоо тилкеде 14 комиссия мүчөлөрү бар. Бардык комиссия мүчөлөрү календарлык план боюнча окууларын өтүштү, шайлоого 100% даяр. Азыр шайлоо участкасында керектелүүчү жабдуулар толугу менен камсыз болууда. Айыл өкмөт тарабынан тиешелүү нерселердин бардыгы алынып келинди. Райондон шайлоочулардын тизмелерин алып келип илдик. Тестирлөө процесси болуп жатат. Буюрса 28-ноябрда биз толугу менен иш жүргүзүп кеттүүгө даярбыз. Айыл өкмөт тарабынан санитардык абалды сактоого керектүү каражаттар, электр энергиясы үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн генератор, жаңы мотор алынды. Ошондой эле, өрт коопсуздугу боюнча шаймандар жана зыянсыздандыруучу заттар, кол каптар даярдалды».
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сапар Бойдонов: «Ар бир шайлоо тилкесине генератор берилди. Ошол генератор иштеп туруусу үчүн ар бирине 10 литрден бензин берилди. Свет өчүп калган мезгилде колдонуу үчүн фонарик, шам жана андан тышкары керектелүүчү буюмдар сүлгү, самын, салфетка, байрак ж.б нерселер алынды. Аппараттарды, операторлорду ташып, алып келип туруу үчүн техникага 24 миң сом акча каражаты бөлүндү . Шайлоо тилкесинин ишинде жылуулук сакталуусу керек. Ошол себептен электр иштерин монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Монтаж иштерине 50 миң сом акча бөлүндү. Азыркы учурда шайлоо тилкелери толугу менен даяр».
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова