Пандемияга байланыштуу бала- бакчалар жабылган. Ата-энелер жана тарбиячылар бакчалардын ачылышын күтүп жатышканын айтууда.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Камила айым: «Албетте, биз бала бакчанын ачылышын каалайбыз, себеби, менин бир уул, эки кызым бар, балам бала бакчада досторум менен ойнойт элем дейт, чон кызым эми бара баштаганда жабылып калды. Бала бакча жоктугу да кыйын, балам мектеп жашына жетип калды бала бакчада жазганды, санаганды, сүрөт тартканды үйрөнөт эле ошол себептен да ачылса жакшы эле».
«Бала бакча ачылса эгер бир жакка барыш керек болуп калса, бала бакчага таштап барып келет элек, көңүлүбүз ток. Бала бакча жок эжелерибиздин балдарына таштап барып келип жатам»,- дейт Камила айым.
«Тоо гүлү» бала бакчасы толук шарттар менен камсыз болду. Ремонттон өтүп, жакшы шарттарды түздү. Жаңы ашкана, кир жуучу бөлмө, атайын мед айым үчүн кана ачылды.
Бактыгүл Абдыкеримова Тоо-Гүлү бала бакчасынын жетекчиси. Анын айтымында бала бакча балдарды кабыл алууга даяр:
«Азыркы шартта бакчаны ачылат деп атат. Бирок дайыны жок, жогору жактан билдирүү келе элек. Ал эми бала бакча тарбиячылар ата-энелери менен байланыш жүргүзүп, балдар менен мамиле кылып турушат. Аралыктан негизгиси азыркы пандемия шартына карата иш жүргүзөбүз деген ойдомун. Даярдыгыбыз жакшы, жылдагыга караганда быйыл жакшы даярдандык. Ремонт жүргүзүлүп баардык шарттар түзүлдү. Кудай буйруса бакча ачылышы менен колдонобуз, биз даярданып бакчанын ачылышын эле күтүп турабыз.
Балдарды да сагындык. Тарбиячылар бардык балдардын тизмесин алып, ата-энелери менен байланышып турат, ооруган балдар кандай болуп жатат? Ошол боюнча аралыктан сүйлөшүп жатышат, сабак өтүп.»
Аймээрим Саитжанова