Кубаттуу, жаш, сулуу Жайнаш… Жакында эле, бир ай мурда балдары жана туугандары менен жолугушуу үчүн Жайнаш Москвадан келип, кайра эле 14- июнда келген жагына кетүүгө даярданып жатат, анткени анын эмгек эс алуусу бүтөт.
Жайнаш Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар -12 айылынын тургуну. Ал дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп, кичинесинен эмгекке бышкан кыз. Мектепти аяктагандан кийин Таш-Көмүрдөгү Технологиялык Институтунун филологиялык факультетине тапшырган. Бирок бир жыл окуп бүтө элегинде, турмушка чыккан. Анан алар эки балалуу болушту: Сыргак уулу жакында мектепке барат, ал эми кызынын аты Сайкал. Окуу жөнүндө унутуш керек болду. Балдарды тарбиялап, өстүрүү, үй-бүлөнүн очогун бекемдөө керек эле.
Жайнаштын күйөөсүнүн колунан баардыгы келет. Анткени анын апасы курулушчу болгондуктан, балдарынын бардыгы курулуш ишин жакшы билишет. Күйөөсүнүн тапкан айлыгы башында жетип турган. Балдар төрөлгөндөн кийин кыйыныраак болуп калды. Кийинчирээк 2012-жылдын жай айында досторунун чакыруусу менен Москвага кулушка иштегени кетти. Жайнаш балдары менен үйдө калып, Москвадан күйөөсү салып турган акчага жашап калды.
2013-жылдын кыш айында Жайнаш өзү да Москвага барды. Аны күйөөсү курулуш бригадасына ашпозчу болуп иштөөгө чакырды. Ал жердеги тапкан айлыгы аз чыкты. Ошондуктан көп айлык төлөнө турган иш издөөгө туура келди. Тааныштары азык-түлүк дүкөндүн сүт саткан бөлүмүнө, марчендайзер болуп иштөөнү сунушташты. Айлыгы 24 миң рубль, эс алуу күнү жок. Жумуш саат эртең мененки 10 дө башталып, түн жарымына чейин уланат.
Башында ар кандай кыйынчылыктар болду. Жетекчилер азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүн карап туруусун түшүндүрбөптүр, ошол себептүү анын бир айлык маянасын кармап алышты. Экинчи кыйынчылык- бул Жайнаштын орус тилинде эркин сүйлөй албаганында эле. Жана жумуш өтө эле оор экен. Эми кайра башка жумуш издөөгө туура келди. Ал анан кийим саткан дүкөнгө орношту, айлыгы күнүнө 1200 рубль экен. Көп өтпөй ижарага берүүчү бөлмөгө болгон акчаны көтөрүп жиберип, дүкөн жабылды. Жайнаш өзүнүн жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктан, дүкөндүн башкаруучусу аны өзү менен спорттук кийим дүкөнүнө иштөөгө чакырып, ал жерде Жайнаш ушул кезге чейин иштеп жатат.
Эми болсо Жайнашты күйөөсү Москвага жибербейм дейт. Ал өзү тапкан акча эле жетиштүү болот деп эсептейт. Бирок Жайнаш антип ойлобойт. “ Балдар өсүп жатат. Квартирага капиталдык оңдоо керек. Ким бизге акча берет?”-дейт ал. Таш-Көмүрдө жумуш жок, болсо дагы акчасы аз. Ал бардык мигранттар сыяктуу эле Орусияга барганда каттоо учурунда кагаз баш оорутмасы болбосо экен деп тилейт. Жана дагы эмгек мигранттарынын адамдык сапаттарын тебеленбесе деген ойдо.
Иштегенге бараткан мигранттарга орус тилин жакшылап өздөштүргүлө деп сунуштайт. Жумушка орношкондон кийин кесиптештерине жана сатуучуларга жаркын маанайда жана сыпайкерчиликте болгула дейт. Эгер жумушта бир нерсеге түшүнбөсөңөр көп иштегендерден жана жетекчиден жардам сурагыла деген ойлор менен бөлүштү.
Жайнаштын айтуусу боюнча ар бир жаш адамдын турмушунда, ал эркекпи же кызбы, бир учур келет- ал кесип тандоо. ЖРТ сертификатын алган менен кээ бирөөлөр ЖОЖго, колледжге тапшырышат, кээ бирлер жакшы төлөнө турган жумуш издешет. Көпчүлүгү жумуш издеп чет жакка чыгышат. Албетте кыйынчылыктар болот, бирок Жайнаш бардыгына ийгилик каалайт жана дагы эч бир кыйынчылыктардан коркпоого чакырат.
Даярдаган: Эргешаалы кызы Эркайым