Алмаш Нуржановна 29 жылдан бери токуучулук менен алектенет. Анын колунан баш кийим, моюн орогуч, кол каптар, наристелер үчүн кийимдердин түрлөрү жана жемпирлер токулат. Алмаш Нуржановна Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебинин мугалими, ал эми токуу анын хоббиси, бирок ошондой болсо да сүйүктүү ишин таштабай, кээде буйрутмаларды аткарып токулган кийимдерин сатыкка да чыгарат.
Мен 1986-жылдан бери токуйм, бир тууган эжемден үйрөнгөм ошондон бери токуп келем , бирок ортосунда токубай калдым эле кайра акыркы үч жылдан бери тынбай токуп келе жатам.
Мен токугандан аябай эс аламын, ушунчалык рахат алам отуруп алып бош убактымда дайыма токуйм. Токуунун түрлөрү көп өзүнүн атайын токуй турган куралдары даболот, крючок менен токуса да болот анын атайын машинасы дагы бар. Азыркы мезгилде көбүнчө кичинекей балдарга чермий, байпак, баш кийим заказ беришет. Бааларын айыл жергесине жараша өзүмдүн мээнетимди аламын анан арзан токуганга аракет кыламын. Жипти болсо шаардан алдыртам.
Даярдаган: Жаныбек кызы Агача, Батырбекова Айдана