Лейлек районунун Андарак айылындагы №12 поликлиниканын медайымдары талыкпай иштөөдө. Ооруканага күнүнө көптөгөн бейтап келет. Аларды дарыгерлер жана медайымдар текшеришет. Аталган мекемеде бир терапевт жана он бир медайым эмгектенет.
Учурда элдин так санын билүү үчүн алардын документтерин катоодон өткөрүп жатышат. Айылдын медайымдары тажрыйбалуу жана баары боорукер. Күнүнө канча оорукчан келсе ошонун баарын текшеришет.
Жалпысынан поликлиникада 12 кызматкер иштейт. Келген оорулуулардын көбү тажик улутунун өкүлдү. Ооруканага келе албаган бейтаптарды үйүнө чейин барып текшеришет.
Медайымдардын максаты элдин сак-саламаттыгын текшерип туруу. «Ден-соолук болсо баары болот» дегендей азыр Андаракта массалык түрдө таркалган оору жок.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»