Айылыбыздын аксакалы менен жолукканда ал бизге өзүнүн өмүр баянын айтып берди. Канатов Төлөгөн -1936-жылы 9-майда Искра айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1955-жылы Лейлек районундагы Киров колхозунда зоотехник болуу менен баштаган. 1957-1961-жылдары Жалал-Абад зооветеринардык техникумда окуган. 1961-1964-жылдары «Лейлек» совхозунда зоотехник, 1964-1965-жылдары райондук асыл-тукумдаштыруу станциясында башкы зоотехник болуп эмгектенген.
1965-1966-жылдары Кыргыз айыл чарба министрлигинин алдындагы айыл-чарба жетекчилерин даярдоонун бир жылдык курсунда окуган.1966-1996-жылдары «Лейлек» совхозунда зоотехник, сүт-товар фермасынын башчысы, башкы зоотехник, бөлүм башчы, 1996-2001-жылдары дыйкан чарбасынын төрагасы болуп иштеген.
Жолдош Канатов Төлөгөн өзүнүн эмгек жолунда иш билгичтиги, уюштуруучулукту, талапчандыкты көрсөтө алган. Сүт-товар фермасынын башчысы иштеген мезгилде ар бир саан уйдан сүт саап алуу боюнча райондук мелдештерде жеңүүчү деп табылган.
Аксакалыбыз Кыргыз СССРинин депутаты да болгон. Жолдош Канатов райондук айыл-чарбасын көтөрүүгө өзүнүн тажрыйбаларын өндүрүшкө киргизип айыл-чарбасынан көп жана сапаттуу продукция өндүрүүгө жетишкен. Өзгөчө эмгектеги ийгиликтери үчүн 1970-жылы В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейинин медалы, 1981-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени, 1985-жылы «Эмгек ветеринары» медалы, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40-жылдыгына карата юбилейлик медалы менен сыйланган.
2006-жылы «Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасына эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамын алган. Райондук айылдык Кеңештердин 6-жолку депутаты, райондук партия комитетинин 6-жолку мүчөсү жана бюро мүчөсү болуп шайланган.
Эл арасында кадыр-барктуу,10-баланы тарбиялаган.Азыркы кезде өз балдары,небере,чеберелери менен өрнөктүү өмүр сүрүүдө.
Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясы Канатов Төлөгөндү айыл-чарбасын өнүктүрүүдө үзүрлүү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасында өзгөчө кызматы үчүн» пенсиясына сунуш кылат.
«Карынын сөзүн капка сал»-демекчи маегибиздин аягында аксакал бизге өз батасын мындай деп берди.
«Силерге ишинерге ийгилик келечекте элдин керегине жараган уул-азаматтардан болгула жана силерге чын ден-соолук узун өмүр каалаймын»,- деди аксакал.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»