Гулнура Момошова Таш-Көмүр шаарындагы Токон Шадыханов наамындагы №14- гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү. Жалаң “Эң жакшы” баага окугандыктан ал өзгөчө аттестатка талапкер. Май айында аттестатка Жалал-Абад облусу боюнча 150-дөн ашык таалапкер Кочкор-Ата шаарына барып өздөрүнүн билимдирин анык ташкан.
Берилген тапшырмалар аябай татаал болуп кыргыз тили, тарых, математика, орус тили сабактарынан тест тапшырышты. Гулнура аябай аракетенип даярдангандыктан, кериктүү материалдарды изденүү менен көп окуп жаттагандыктан артыкчылык аттестатка ээ болду. Даярдодоо ага сүйүктүү мугалимдери Барпыбаева А.А, Аджыматова Г.К, Валиева К.К., Иметова С., жардам беришкен.
Бир эле учурда НРТке даярдануу максатында Гулнура “Мээнет” билим алуу курсуна катышкан. Бул жерде биологиядан жана химиядан кошумча билим алууга аракеттенген. Ушул аракеттер өзүнүн жемишин берди. “Мен биринчи классыман баштап эле “Эң жакшы” баага окуганга аракет кылгам . Анткени ата-энемди сүйүнткүм келген, окуган мен үчүн абдан кызыктуу болгон жана мени окуткан мугалимдер эң мыкты, тажрыбалуу. Кандай сонун мугалимдердин суроолоруна толук жооп берүү, татаал маселелерде чечүүдөө классташтарыңга жардам берүү,тест аркылуу өзүңдүн билиминди текшерүү учурунда көөп бал алуу- бул мен үчүн чон ырахат”-деп сүйүнөт Гулнура.
Класс жетекчеси Нургул Атаярованын айтуссуу боюнча Гулнура мектептин алдынкы окучулардын бири. Ал дайыма конкурстарга, иш чараларга, олимпиадаларга активтүү катышып жана алдынкы орундарга ээ болгон. Ал Таш-Көмүр шаардык олимпиадасынан химия предметти боюнча биринчи орунга чыгып, экинчи турга областтык олимпиадага жолдомо алган. “Мен ойлойм Гулнуранын мээнетчилдиги, максатка умтулушу, билимге болгон мамилеси, эрудициясы анын ийгилигине чоң көмөктөш болду” – деп кошумчалайт класс жетекчеси.
Гулнуранын эң жакшы ийгиликке жетишкендерине анын ата — энеси да стимул болуп калышты. Алар шаардагы ардактуу адамдар. Бир жагынан Гулнура ата-энесинин кадырын төмөндөткүсү келген эмес, экинчиден ал атасындай врач болом деп кыялданчу. Анктени Гулнуранын атасы дайыма айтчи экен, жакшы врач болуш учун эң жакшы окуш керек. “Убакытты туура пайдалану, сабактарга такай даярдануу, кошумча билим-булактарынан изденүү – бул билим алуунун негизги утуштары”— дейт Гулнура .
Авторлору: Гулиза Жумабаева