Быйылкы жылы Сумбула округунда жаңы мектеп ачылганына, мектепте майрамдар аябай көп болду. Манас орто мектебинде жалпысынан 400гө жакын окуучу билим алат. Ошол билим алган окуучулардын арасында билимдүү, илимдүү жана музыка жактан шыгы бар ырчы бийчи окуучуларыбыз бар.
Бул жөнүндө ошол кыргыз бийин окуучуларга бийлетип бир ай сабак берген Жороева Сапия эжекенен менен маек курдук:
«Бул бий биринчи эле мектеп ачылышына даярданыш үчүн ойлоп олтуруп эмне кылсак деп кыргыз бийин мыкты үйрөтүп окуучуларды ошол мектептин ачылыш концертинде бийлетем деп чечтим. Анан биринчи эле өзүмдүн толерантуулук курсуна катышкан балдарды анан мектеп ичинен бийге шыктуу балдарды кошуп биринчи күнү эле чакырсам келди. Көрсө кыргыз бийине кызыккандар көп экен эжеке мен да бийлейинчи дегендердин саны да көп кездешти. Бул бий бир чети ден-соолукка да пайдалуу. Анан групада балдар толукталып даярдана баштадык. Бул окуучулар 1кыз, 1-баладан туруп бийлешти. Ошондо чоң группада 10окуучу ал эми кичине групада 10дон ашык жаш окуучулар болду», — деп баяндап берди Жороева.
Окуучулар биринчи эле өздөрү аракет кылып даярдана башташты. Күндө мектептен кийинки же болбосо кружогу ушул бий болуп калды. Ар күнү текшерип турчумун анан бул балдарда өздөрүнүн шыгы чындап эле башкача сезилди. Булар ошол бир гана кыймылдарын билишпейт экен. Кыймылды үйрөнгөндөн кийин булар өздөрүнчө ойноп башташты. Биринчи эле ушу балдар мектептин ачылуу аземинде президенттик апараттан И.Илмянов, билим берүү жана илим министири К.Сыдыков, Баткен облусунун губернатору Ж.Разаков,Лейлек районунун акими Т.Арипов жана айыл эли, карыялардын алдында бийлеп беришти.
«Бул бийди «Коомдук биринчи каналда» тартып кетишишти. Менин байкашымча бул бий баарына жагып баары кол чабып ыраазычылыгын айтышты. Анан дагы балдар көптөгөн концерттерде бийлеп жүрүштү. Эми мунун баары балдардын эмгеги», — деп сөзүн жыйынтыктады Сапия Жороева.
Ал эми бийчи окуучулардан сурасак: Биз бул бийди үйрөнүп алганыбызга абдан кубанычтабыз эң негизгиси биз бул бийди 1-ай дегенде үйрөнүп бүттүк дейт бийчи окуучулар.
Бул бийчи окуучуларды көбүнчө карпаратив, тойлорго чакыруулар көп болду. Алар жок дебестен барып бийлеп беришип турат.Балдар азыр «Кыргыз бийи», Кара жорго бийи, жана көк жөтөл бийлерине бийлеп турушат.
Даярдаган: Амантур Ганиев
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»