Исфана-Андарак жолу азыркы кезде ондолуп жатат. Ал жерде жумушчулар, техникалар келип жол оңдоо 10-июндан бери жүрүүдө.
Сумбула айыл аймагынын башчысы Баймурат Бекмуратов эки километр жол оңдолоорун айтат.
“Быйылкы жылы республикалык чыгымдардын эсебинен Исфана-Андарак-Көк-Таш жолунун эки километр аралыгы капиталдык толук ондоп түзөөдөн өтүүдө” , — деп билдирди Бекмуратов.
Жолду Лейлек районундагы “Ак-Тилек” акционердик коому оңдоодо. Ал эми жумуштун буюртмачылыгы Кыргыз республикасынын Транспорт министирлиги болуп саналат.
“Лейлектеги “Ак-Тилек” акционердик коомунун жумушчулары жакшы иштерди аткарууда. Элдин талкуусуна, айдоочулардын талкуусуна ээ болушту”, — деп кошумчалады Бекмуратов.
Аталган ишкананын директору Абдурашит Эшпаев 10-июнда башталган жол оңдоо иштери июлдун башына чейин аяктаарын билдирди.
“Айдоочуларга жакшы шарт түзүлөт. Мурун жаман жол болуп, унаалардын тетиктери тез бузулуп жүргөн болсо, эми андай нерсе болбойт. Жолдун туурасы алты метр, узундугу эки километр. Ал жерде беш жумушчу иштеп жатат, жети жүк ташуучу унаа жана беш кран”, — деди Эшпаев.
Даярдаган: Камбар Асан уулу