Айылыбыздын тургуну Азамкул байкеге эл ыраазы. Азамкул байкенин менчик тойканасы бар. Бул тойканын жери мурда өкмөткө тиешелүү болгон, ал эми Азамкул байке аны сатып алып элдин керегине жараган тойкана салган. Бул тойкананын курулуш иштери 2012-жылы башталган. Тойкана болсо 250-орундуу жайга ылайыкташтырылып курулган. Тойкана үчүн 2 млн сом сарпталган. Айылдыгы баардык маарекелер: сүннөт той, үйлөнүү той, кыз узатуу ушул жерде өтөт.
Бул жерде семинарлар, юбилейлер айыл өкмөтүнө келген сыйлуу коноктор болушат. Тойкана болсо заманбап үлгү менен жасалган. Айылыбызда мындай заманбап үлгүдөгү бир гана тойкана бар. Албетте мындай тойкана бар экенине эл да ыраазы. Айылыбыздын тургундарынан «БирЭл» тойканасы жөнүндө пикирин сураганыбызда тургундар мындай дейт.
«Албетте Азамкулга ыраазыбыз айылыбызда башка тойкана жок. Азамкулдай айылыбыздын эр-азаматтары көбөйө берсин»,-дешет айыл тургундары.
«БирЭл»-деп аталганынын себеби, айылыбызда эки улуттун тургундары жашагандыктан эки эл биригип, ынтымактуу болсо экен деп коюшкан. Эки эл биригип, ынтымактуу жашаса экен деген максатта коюлган.
Азамкул байкенен «БирЭл» тойканасында канча жумушчу иштегенин жана тойкананын кирешеси жөнүндө сурадык.
«Азыркы учурда тойканада алты жумушчу, тейлөөчүлөр, ашпозчулар иштешет, ал эми кирешесини айтсам күзүндө тойлор көп болот. Айына 10-15 жолу жана бул жерде юбилейлер да болуп турат»,-дейт Аззамкул байке.
Даярдаган:Төлөнбай уулу Нурсейит
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»